Парламент 17-июнда бардык коммерциялык эмес уюмдарды аткарган иштери тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Алар бухгалтердик документтерди, банк эсептерин, уюмдардын мүлкүн жана кызматкерлеринин жеке маалыматтарын да берүүгө милдеттендирилет.
Уюмдар ансыз деле Кыргзстандын салык кызматына, Улуттук статкомго жана башка маморгандарга отчёт беришет. Мыйзам долбоору бул маалыматтарды бардык адамдарга жеткиликтүү кылат. Долбоорго 83 депутат «макул», 10 депутат «каршы» добуш беришти.
Бул кадамдын кесепети тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев өзүнүн телеграм-каналына жазды. Анын пикиринде, маалыматты көчүрүү жана коммерциялык сырдын таптакыр жок болушу катардагы кыргызстандыктарга терс таасирин тийгизет.
«Мунун кесепетинен көпчүлүк КЭУлар жашыруун иштей баштайт, копчүлүгү, анын ичинде эл аралык уюмдар жабылышы дагы мүмкүн, ошол эле “Сорос”, анткени алар коммерциялык эмес уюм катары каттоодон өтүшкөн. Демек донорлук жардамдар кыскарат, жумушсуздук күчөйт — бул сектордо өтө көп жарандарыбыз эмгектенишет. Бул өкүнүчтүү, биздин депутаттар пайдалуу нерсе иштеп чыкпай эле, тескерисинче, жумушсуздукту көбөйтүп жатышат. Тилекке каршы, ушундай болуп атат», — деп жыйынтыктады ал.
Эми мыйзам долбооруна Садыр Жапаров же кол коёт, же толуктоо үчүн артка кайтарат же вето коюшу керек.
Эмне болгон мыйзам долбоору?
Демилгечилер чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар донорлордон канча акча алып, кайда сарптаганы тууралуу өкмөткө деталдуу отчётту тапшырып турушун каалайт. Ошол эле кезде Кыргызстандагы ар бир КЭУ ансыз деле жыл сайын Салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт тапшырууга милдеттүү.
Автордун ою боюнча, бул отчёт Юстиция министрлигинин алдындагы жаңы мамлекеттик порталда жарыяланып, аны бардыгы көрө алат. КЭУлар мүлкүн, кызматкерлеринин санын жана алардын маяналары тууралуу маалыматтын ачык кылып, көрсөтүшү керек.
Тема боюнча: Фирмалар, бодо мал, көк бөрү. Бейөкмөт уюмдардан отчёт алгысы келген депутат Райымкуловдун байлыгы
Өкмөт отчёттор үчүн атайын маалыматтык система жасап чыгуу көп убакыт менен акча талап кыла турганын билдирген болчу. Бул өз кезегинде текшерүүчү кызматкерлердин көбөйүшүн шарттап, кошумча жабдууларды сатып алууга мажбур кылат. Ал эми миңдеген уюмдардын отчётторун салыштырып текшерип чыгуу дээрлик мүмкүн эмес жана ал Юстиция министрлигинин милдеттерине кирбейт.
Ошол эле кезде, мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде муну ишке ашыруу үчүн акча бөлүп берүү зарыл эмес — бул чындыкка дал келбей турганы даана көрүнүп турат.
Эгер КЭУлар чыгымдары жана кирешелери тууралуу толук отчёт жарыялабай, же отчёт тапшырууну кечиктирсе, мамлекет аларды жаап коё алат.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Бактыбек Райымкулов бул мыйзамды «кыргыз мамлекеттүүлүгүн башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнөн коргоп, элдин салт-санаасын жана маданиятын сактап кала алган» мыйзам катары сүрөмөлөп жатат.
Мыйзам долбоору тууралуу кеңири бул жерден окуңуз:
Кризис учурунда бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү кимдер эмне үчүн сүрөмөлөп жатат?
Райымкулов деген ким?
Бактыбек Райымкулов парламентке 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» фракциясынан келген. Парламентке келгенге чейин Райымкулов Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп 3 жыл эмгектенген.
Райымкулов парламентке келгенден бери Жогорку кеңештин порталына ылайык, Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигинин эрежелерин күчөтүү жөнүндө мыйзамдан тышкары, ал өз алдынча мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрү киргизген жалгыз бир мыйзам долбоорун демилгелеген. Кесиптештери менен чогуу, Райымкулов беш мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Райымкулов менен депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында сөгүшө кетишкен. Бекешев анда Ошто бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митингине катышкан кесиптештерин сынга алган эле. 2021-жылдын башында Матраимовду колдоо акциясына Райымкулов да катышкан.
*Ош шаарынын борбордук аянтында 2021-жылдын 28-февралында «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» айыпталып камакка алынган Райымбек Матраимовду колдоо акциясы уюштурулган. Митингдин катышуучулары мурда коррупция боюнча коюлган айыпты мойнуна алган жана мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берген Матраимовду актап, аны боштондукка чыгарууну талап кылышкан. Ал эми Райымкулов Матраимовдун күнөөсү жоктугун айтып, анын кармалышына жарандык коомдун өкүлдөрун айыптаган, андан тышкары, бейөкмөт уйюмдарды жана айрым ЖМКлардын ишине каршы чакырыктарды айткан.
Андан кийин Райымкулов парламентке жакында эле келген дагы бир депутат Шайлообек Атазов менен бирге мыйзам долбоору үчүн үчүнчү уктурууну өткөрүп, КЭУлардын ишин чектөөнү талап кылып төрагага жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрыла башташкан. Алар КЭУлар «баалуулуктарды тепсеп, өлкөнү жок кылат» деп айтышкан.