«Институт Медиа Полиси» (ИМП) уюмунун юристтери Жогорку Кеңештин «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алышын талдоого алып, депутаттар өз регламентин гана эмес өлкөнүн Конституциясын да бузганын билдиришти.
Уюмдан аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда каралып, эл өкүлдөрү аны четке какканын эске салышты. Парламенттин регламентине ылайык, депутаттар мыйзамды алты айдан кийин гана, тактап айтканда 2022-жылдын январь айында кайра караса болот.
Ошону менен бирге, юристтер колдонуудагы жарандык мыйзамга ылайык ким кааласа өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын сот аркылуу коргоого укуктуу экенин эскертишти.
«Мыйзам долбоорунда болсо бул укуктарды административдик органга кайрылуу менен коргоо сунушталган. Административдик орган өз кезегинде, соттун чечими жок эле, чиновниктердин каалоосуна жараша провайдерлерден тигил же бул маалыматка бөгөт коюуну талап кылат»,— деп белгилешти юристтер.
Алар парламент кабыл алган мыйзам «чиновниктердин каалоосуна жараша бийликти сындаган маалыматтарга тыюу салуучу» цензуранын куралына айланып калбайбы деп тынчсызданышууда.
«Бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет, анткени Кыргызстанда цензурага орун жок. Конституциянын бөлүмүнө ылайык, сөз эркиндигине, жазуу укугуна жана жалпыга маалымдоо каражаттарына чектөө коё турган мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынат», — деп жазылган юристтердин билдирүүсүндө.
Мыйзам кантип кабыл алынды?
28-июлда депутат Гулшат Асылбаеванын «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзам долбоору парламент тарабынан кайрадан добушка коюлуп кабыл алынды. Бирок ага чейин бул мыйзамды кароо күн тартибине киргизилген эмес.
Бир катар депутаттар жыйын учурунда кайрадан добушка коюуну суранышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун кабыл алууга 97 депутат «макул» деп добуш берди, болгону беш эл өкүлү «каршы» экенин билдирди. Эми мыйзам күчүнө кириш үчүн президент кол коюшу керек.
Аталган мыйзам долбоору өтпөй калганда, ошол эле күнү депутаттардан кайра добуш берүүнү өтүнүшкөн — анда Бекешев мындай өтүнүч менен депутаттарга президенттин администрациянын өкүлү өзү кайрылганын билдирген. Бирок анда өтүнүч ишке ашкан эмес.
Депутаттар «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда формалдуу эмес жолугушуусунан кийин эртеси кабыл алышты.
«Чайлашуу текке кетпептир, кесиптештеримди көндүрүптүр», — деп комментарий берди Бекешев. Ал президент менен жолугушууга барган эмес.
«Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору — бул «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзамдын кайрадан иштелип чыккан варианты. Мыйзам долбоорун бир жыл мурда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков толуктап, кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтырган.
«Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок көбүнчө Асылбаевага тиешелүү деп элге сиңип калган, себеби ал мыйзам долбоорун коргоп, сын айткан колдонуучуларды «фейктер жана троллдор» деп атаган.
Президент мыйзам долбоорун кайра кароого жөнөткөндон кийин көпкө чейин унутта калган, бирок 31-майда мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүшкөн.
Мыйзам долбоорунда Кыргызстандын бардык сайттары менен социалдык тармактардын колдонуучулары тууралуу маалыматтар топтолгон кандайдыр бир Бирдиктүү идентификациялоо системасын түзүү жөнүндө жазылган. Документте мындай базаны кайсы мамлекеттик орган түзөөрү, ким камсыздайт жана ким каржылай турганы көрсөтүлгөн эмес.
Ошондой эле, кайсы бир «ыйгарым укуктуу орган» интернет-провайдерлер, сайт ээлери жана сайттардын барактары аркылуу бардык анонимдүү колдонуучуларды идентификациядан өткөрүүгө тийиш. Өз дарегине жалган, такталбаган маалымат таратылган жеке тараптар менен юридикалык жактар дагы ошол эле «ыйгарым укуктуу органга» кайрыла алат.