Республикалык штаб 15-августта өлкөдө коронавирустун 332 жаңы учуру катталганын маалымдады.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаарында — 150;
- Чүй облусунда — 31;
- Ысык-Көл облусунда — 38;
- Жалал-Абад облусунда — 36;
- Баткен облусунда — 24;
- Ош облусунда — 8;
- Нарын облусунда — 23;
- Талас облусунда — 20;
- Ош шаарында — 2.
Ошондой эле өткөн суткада 676 бейтап айыгып, жети киши каза болду.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 172 090ге жетти. Оорудан 162 780 бейтап айыгып, 2446 киши көз жумду.
Бүгүнкү күндө 2125 бейтап ооруканаларда, 3328 киши үй шартында дарыланууда.