Материал 16:15те жаңыртылды
Ош шаардык кеңешинин депутаттары Нурбек Исмаилов, Дөөлөтбек Көкөчөров жана Бекмурза Эргешов 27-августта мандаттарын тапшырып, кайра муниципалдык кызматтарга кайтып келишти.
Үч депутат тең «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышкан. Мандат алганга чейин Исмаилов «Ош-Тазалык», Көкөчөров «Ош шаар суу канал», ал эми Эргешов «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканаларды жетектеп келишкен.
Исмаилов жана Эргешов депутаттык мандатын тапшырган күнү эле кайрадан жетекчи болуп дайындалышты. Ал эми Көкөчөров 30-июлда эле «Ош шаар суу каналдын» башкы инженери болуп дайындалган — учурда да аталган кызматты аркалап келе жатат.
Алар мандаттарынан Алмаз Мамбетов мэр болуп шайлангандан эртеси күнү баш тартышты. Мамбетовдун талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы коомчулукта «бийликчил» деп аталып келет. Анткени аталган партиянын тизмесинде эң көп муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер болгон.
ТЕМА БОЮНЧА: «Устукан тартылган». Оштун мэри Алмаз Мамбетов депутаттарды ресторанда сыйлады
Мандат тапшырууга аргасыз болушкан
Саясат тануучу Төлөгөн Келдибаев «Клоопко» курган маегинде «Ата-Журт Кырызстандын» үч депутаты мандат тапшырууга аргасыз болушкан деген пикирде. Анын айтымында, алар Сарыбашовду мэр кылуу үчүн шайлоого катышышкан. Бирок кийин президент Сарыбашовду кызматынан бошотуп, ордуна Алмаз Мамбетовду дайындаганда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына добуш алып беришкен.
«Сарыбашовдун убагында ар кандай жолдор менен добуштарды алыш керек болгон. Булардын мүнөздөрүнө жараша электораты бар, колдоочулары бар. [11-июлдагы кайра шайлоодо] “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына көбүрөөк мандат алууга аракет кылышты, ошого Сарыбашовдун түздөн-түз салымы бар», — деп эсептейт Келдибаев.
Ал эми 11-июлда Ош шаардык кеңешке шайлоого катышкан «Улуу-Журт» партиясынын лидери Мирлан Орозбаев мандат тапшырган «Ата-Журт Кыргызстандын» депутаттарын «саясий оюндарда кээ бир фигуралардын солдаты» деп сыпаттады.
«Кээ бирлери карьералык өсүш үчүн же кызматын сакталып калыш үчүн, айрымдары коркконунан [шайлоого катышат] — “кың” десе иш козгоп, камап коюшу мүмкүн аларды. Ошон үчүн буларды талапкер кылып “иштеп, добушту алып, кайра ордуңа кетесиң” деген буйрук болгон», — деди Орозбаев.
Ошондой эле саясатчы «президент Садыр Жапаровдун бийлигинин алдында мындай саясий оюндар болуп жатканын эл жакшы билет» деп белгиледи. Орозбаев мындай механизм бийлик «таза оюн кылмай сайын» улантылат деген пикирде.
«Булар негизги функцияларын аткарды [...] Ошто тың жигиттерди, колунда добуштары барларды ушинтип иштетти да [...] “Кетпейсиң” десе кетмек эмес, “депутат боюнча каласың” десе калмак. “Арызыңды жаз, депутат да болбойсуң, иштебейсиң дагы” десе кетмек», — деди «Улуу-Журт» партиясынын лидери.
«Эскертүү бергенде мандат албайт болчумун»
«Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси кызматына кайра дайындалган Нурбек Исмаилов мандатын бир эле учурда депутат болуп, муниципалдык кызматта иштей албагандыктан тапшырганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам буга жол бербешин билген эмес жана Ош шаардык АШКсы да кабарлаган эмес.
*«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндө мыйзамдын 5-беренесинде шаардык кеңешке отчет берген муниципалдык кызматтардын жетекчилиги шаардык кеңешке депутат боло албайт деп жазылган. Мындай өзгөртүү 2013-жылы киргизилген.
«Бир күн калганда [Ош АШКсынын төрагасы] Урмат Аттокуров [“мандат тапшыргыла” деп] айтып жатат. Өзү бизге мандат келип калган болчу да, күбөлүктөр берилгенге бир күн калганда “ишиңерди тапшырып, мандат алгыла” деп чечим чыгарып жатпайбы. Сессияга кирип жатканда ушундай абалга келип калды да. Эгерде бизге 15 күн же бир ай мурун эскертүү бергенде мандат албайт болчумун», — деди Исмаилов.
Исмаилов мисал катары Дөөлөтбек Көкөчөровду келтирип, мурда «Ош шаар суу каналды» да жетектеп, Ош шаардык кеңешинин депутаты да болуп турганын билдирди. Ошондой эле Исмаилов учурда «Ош газ» ЖЧКсынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматов да мандатка ээ болгонун белгиледи.
*Көкөчөров 2012-жылы Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоодо экс-мэр Мелис Мырзакматовго таандык «Улуттар биримдиги» партиясынан мандат алган. Ал эми Маматовдун депутат болушуна мыйзам жол берет, анткени «Ош газ» бул жеке менчик «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын филиалы.
«“Ишти тандагыла же депутаттыкты тандагыла” деди. Менин бул жерде көп долбоорлорум бар, депутат болуп кетсем долбоорлор калып кетет да. Мисалы, полигон маселеси. Жакынкы арада техникалар келиши керек эле — анын проектилерин түзөмүн бир айдан кийин. Анан жумуштагылар дагы “ошолорду алып келип кетсеңиз жакшы болот эле” деген маселелер көтөрүлдү да», — деди Исмаилов.
Ошондой эле Исмаилов «муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоого добуш алып бериш үчүн катышат» деген пикирлерди четке какты.
«Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бекмурза Эргешов «Клоопко» курган маегинде анын астында да «кызмат же мандат» деген тандоо болгонун билдирди.
«Буга чейин депутат болгонмун, ошондо биз [мамлекеттик ишкананын] жетекчиси болуп туруп эле депутат болот элек [...] [2013-жылы мыйзам өзгөргөндөн кийин да] жетекчилер депутат болушту, “мыйзам жол берет” деген үчүн ушуга барганбыз. Ал эми мандат алгандан кийин бизге мыйзам өзгөргөнүн айтышты», — деди Эргешов.
*Эргешов да 2012-жылы «Улуттар биримдиги» партиясынан шайланып келип Ош шаардык кеңеште депутат болгон.
Эргешовдун айтымында, эгерде ага муниципалдык мекемелердин жетекчилик кызматын ээлеп туруп, депутат болууга болбойт деп түшүндүрүшкөндө анда ал шайлоого бармак эмес.
Ал эми Дөөлөтбек Көкөчөров менен байланышып, эмне үчүн мандатынан баш тартканы жөнүндө суроого жооп алууга мүмкүн болгон жок.
ТЕМА БОЮНЧА: Ош: «Ата-Журт Кыргызстандан» депутат болгон Бекмурза Эргешов мурдагы иш бөлмөсүнөн кеткен жок
Буга чейни Оштун жаңы шайланган мэри Алмаз Мамбетов маалымат жыйын куруп, анда мандат алган муниципалдык ишканалардын жетекчилери тууралуу да комментарий берген. Мамбетов мыйзам боюнча муниципалдык ишканалардын жетекчилери Ош шаардык кеңешинин депутаты боло албастыгын, бирок башка кызматтарда иштөөгө укуктуу экенин белгилеген.
Ошондой эле Мамбетов «эгерде булар кайра кызматка келсе, демек буга чейин жакшы иштеп келген» деген.