Ош: «Ата-Журт Кыргызстандан» депутат болгон Бекмурза Эргешов мурдагы иш бөлмөсүнөн кеткен жок

Ош шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болгон «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын экс-жетекчиси Бекмурза Эргешов мурдагы иш бөлмөсүн депутаттык жеке иш бөлмөсүнө айлантып алды. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков жарыялаган видео материалдан белгилүү болду.

Ал ишкананын директору отурчу бөлмөнүн сыртына «Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекмурза Эргешов» деп жазып, кабыл алуу күндөрүнүн графигин жазып тактайчага илип койгон. Бирок кызматтан кеткенден кийин иш бөлмөнү тапшырып бериши керек болчу.

Исаков ишканадан Эргешовду кезиктире алган жок. Мекеменин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, катчы жана башка кызматкерлер да журналистке бул көрүнүш боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал эми башка бир кызматкер «Эргешов бүгүн келбеди» деп айтты. Мындан улам Исаков «“бийликчил” партиядан депутат болгон Эргешовго мыйзам иштебейт» деп сынга алды.

«Депутат өзү мурда иштеген мекемеден “жок мен чыкпайм эй” деп эле чыкпай койсо боло берет экен да. Сыртына беймарал табличканы илип алыптыр. Муну кой деген кожо болобу же Ташиевдин* партиясынан ким депутат болсо эреже ошону айланып өтүшү керекпи?!» — деп суроо салды ал.

* «Ата-Журт Кыргызстан» коомчулукта «бийликчил» деп айтылып келет — аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштырышат. Анткени партияны Ташиевдин айылдашы Айбек Маткеримов жетектейт. Маткеримов өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен барган. Ошондой эле аталган партиядан Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болду. Анткен менен Ташиев партия ага тиешелүү делген маалыматты четке каккан.

Ош мэриясынан бул окуяны атайын административдик комиссия териштирээрин айтышты.

Бекмурза Эргешов

Бекмурза Эргешов Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын №7 катар номурунда депутат болуп шайланды. Мындан улам ал 30-июлда өз арызы менен «Жылуулук камсыздоо» ишканасынан кетип, ордуна мекеменин башкы инженери Нурлан Мурзаматов убактылуу келген болчу.

Эргешов өзү аталган кызматка өткөн жылдын 17-декабрында дайындалган. Ага чейин өткөн жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого бийликчил делген «Биримдик» партиясы менен барган.

Ошондой эле «ИИМдин МАИсинин Ош облусу боюнча адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялык дирекциясы» мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

Мындан сырткары ал шайлоодон кийинки башаламандыктарда Ош шаарынын борбордук аянтында 6-октябрда өткөн Жээнбековдорду колдоо митингин алып барган.