«Биздин айыл». БШК Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн түшкөн арызды каттай элек

Алмамбет Шыкмаматов маек куруп жатат. Сүрөт: КТРКнын «Биздин айыл» берүүсүнүн скриншоту

Борбордук шайлоо комиссиясы «Ынтымак» партиясынын талапкери Алмамбет Шыкмаматовдун «алдын ала үгүт жүргүзгөнү» боюнча даттанууну азыркы учурга чейин каттай элек. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев «Клоопко» билдирди.

Усубалиев 24-октябрда КТРКнын «Биздин айыл» программасында Шыкмаматовдун маеги жарыяланып, анда талапкер «өзүн жарнамалап, үгүт иштерин жасаган» деп эсептейт. Ал эми үгүт иштери расмий түрдө 29-октябрда башталган.

«Бул жерде эки мыйзам бузуу катталган. Биринчиси, аталган видеодо башынан аягына чейин Шыкмаматов менен маек болгон. Шайлоонун алдында үгүт иштери башталмайынча мындай кылганга болбойт. Экинчиси видео аркылуу өзүн жарнама кылган. КТРКда жарнама үчүн 25 миң сомдон өйдө акча төлөш керек. Ал бекер жарнама болуп калган», — деди Усубалиев.

Боршайкомдун Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо даттануулар жана бузуулардын реестринде арыз катталган эмес. БШКнын маалымат кызматынан жана Шыкмаматовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

КТРКнын 24-октябрда жарыяланган «Биздин айыл» теле берүүсү Шыкмаматовдун кичи мекени Нарын облусунун Жумгал районунуна караштуу Кызарт айылында тартылган. Аталган айыл талапкердин кичи мекени. Айылдын тарыхын, көйгөйлөрүн жана жасалган иштерди Шыкмаматов өзү айтып берген. Мындан тышкары ал үй-бүлөсүнө да кенен токтолгон.

«Мен сабакты жакшы окучумун. Ушул кичинекей мектеп менин көзүмө чоң мектеп көрүнчү. Азыр институтта окуп жүргөн кезимди көп эстебейм, мектепте окуп жүргөн кезимди көп эстейм. Ата-энем эрте каза болуп калышты. Атам дагы, апам дагы ушул мектепте мугалим болуп иштешкен. Мугалимдин баласы болсом дагы тентек кылып койсом атам, апам мага болушчу эмес. Мугалимдерден көп таяк жечүмүн», — деп эскерген балалыгын Шыкмаматов.

«Биздин айыл» программасынын алып баруучусу Адилет Чубаков көрсөтүүнү Шыкмаматов менен маектешүүдөн баштаган. Андан кийин талапкер «Көк-Бөрү» ойногон талаага келип, ал жактан айыл эли тууралуу айтып берип, өзү окуган мектепти да көрсөткөн. Мындан улам көрсөтүү саясатчынын өмүр баянына арналгандай элес калтырат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ал эми үгүт иштери 29-октябрда башталып 26-ноябрда аяктайт.

Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов 2015-жылы «Ата Мекен» партиясы менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келип, 2017-жылдан тарта фракцияны жетектеген. Ал эми 2019-жылдын декабрында Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен «келишпестиктерден» улам мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган параламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясын жетектеп барган. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Шыкмаматов президенттик шайлоодо Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген.

Жапаров президент болгондон кийин Алмамбет Шыкмаматов февраль айында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалган. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мекеме Инвестициялар министрлиги болуп өзгөргөн.

Ал эми Шыкмаматов 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган. Ал шайлоого «Ынтымак» партиясы менен катышып жатат.

«Ынтымак» партиясын депутат Марлен Маматалиев жетектейт. Маматалиев өткөн жылкы парламенттик шайлоого Матраимовдорго караштуу болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду

«Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Мекенчилдин» талапкерлери кайсыл партияларга «секирди»?