Бишкекте арзан көмүр саткан экинчи кампа ачылды

Бишкектеги Ден-Сяопин көчөсү 306/2а дарегинде көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан кошумча кампа ачылды. Бул тууралуу «Клоопко» «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, арзан көмүр сатуунун биринчи күнүндө кезек күткөндөр көп болгондуктан кошумча кампа ачуу зарылчылыгы пайда болду.

«Ушул тапта кампаларда болжолдуу 1 360 тонна көмүр бар. Түндө 50 КамАЗ көмүр жеткирилген. Дагы кошумча кампа ачууну көздөп жатабыз», — деди Зоотбекова.

Бийлик 16-ноябрда Бишкектеги Мурманск көчөсүндө «Кара-Кечеден» алып келинген көмүрдүн бир тоннасы 3000 сомдон сата баштаган. Кезекке тургандардын саны 1000ден ашып, 130 үй-бүлө көмүр алган .

Мамишкананын маалыматына ылайык, 16-ноябрда 200 тонна көмүр таратылган. Ага чейин бир үй-бүлөгө эки тоннадан ашык сатылбай турганы эскертилген.

«Кыргызкөмүр» мындай чектөө алып сатарлардын кызыл кулактыгын алдын алуу үчүн көрүлгөн чара экенин белгилеп, бирок «жакынкы күндөрү» чектөө жоюлушу пландалууда деп түшүндүрмө берген.

Көмүрдүн баасы президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолуккандан кийин арзандады. Анда өлкө башчысы борбордо көмүрдүн баасы «арзандайт» деп убада берген.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, ноябрь айында Бишкек жана Ошто бир тонна көмүрдүн баасы 2 500 сомдон 8 500 сомго чейин болгон (көмүрдүн түрүнө жана казылган жерине карата). Антимонополиядан «Кыргызкөмүр» көмүрдү жеткиликтүү көлөмдө алып келбегендиктен баалар туруксуз болуп жатканын билдиришкен.