Улуттук энергохолдинг кыргыз тарап келишимдин шартына ылайык, жайында Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызганын билдирди.
Буга чейин Казакстандын өкмөт башчысынын сайтында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча пресс-релизде кыргыз тарап жайында казакстандык дыйкандардын муктаждыгы үчүн кошумча суу агызганы айтылган.
Ошол эле учурда, Кыргызстандын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Акылбек Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу билдирүүдө Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызылганы тууралуу маалымат берген эмес.
Улуттук энергохолдинг эмне дейт
Улуттук энергохолдинг түшүндүргөндөй, Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын март айында түзүлгөн келишимдин негизинде Казакстанга кошумча суу агызган. Жайында кыргыз тарап суу менен камсыз кылып, акысына күз-кыш жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн электр энергиясын алган.
Бирок холдинг коңшу өлкөгө агызган суунун көлөмү канча экенин так көрсөткөн эмес.
Улуттук энергохолдинг дал ушул келишимдердин алкагында Казакстан 900 млн кВт саат электр энергиясын берерин эске салды. Ал эми Кыргызстан бул карызды 2023-жылга чейин, жыл сайын июндан августка чейинки аралыкта 300 кВт саат өлчөмүндө төлөп бүтөт.
«2021-жылдын 8-декабрына карата е Казакстандын энергосистемасынан эки тараптуу жеткирүүнүн негизинде 616,4 млн кВт саат электр энергиясы алынды», — деп билдиришти Улуттук энергохолдингден.
Казак премьеринин сайтындагы билдирүү
7-декабрда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин сугат мезгилинде Кыргызстан Казакстанга Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызганын билдирген.
«Өкмөт башчысы [Казакстандын] эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгына, анын ичинде Сырдарыя, Чу жана Талас трансчегаралык дарыяларынын суу ресурстарын жөнгө салуудагы биргелешкен ыкчам чаралардын кабыл алынышына жогорку баасын берди. Кыргыз тараптын Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызганы суу тартыштыгынын шартында Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгын канааттандырууга мүмкүндүк берди», — деп айтылат билдирүүдө.
Бирок Мамин дагы Кыргызстандын Токтогул суу сактагычынан казак өлкөсүнө агызылган суунун көлөмүн тактаган эмес.
Кыргыз жана казак делегациялары жолугушууда. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы
Бирок үстүбүздөгү жылдын июнь айында Казакстандын экология, геология жана табигый ресурстар министрлиги Кыргызстан менен вегетация күч алган кезде (июнь-август) Токтогул суу сактагычынан 330 млн куб метр кошумча суу алуу тууралуу макулдашканын маалымдаган.
Тема боюнча: Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга Токтогул суу сактагычынан 900 млн кубометр суу берет
Кыргызстандагы энергетикалык кризис
Кыргызстандын энергетика тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атады.
Мындан улам өлкөнүн электр энергиясынын негизги булагы болгон «Токтогул» суу сактагычында суунун деңгээли аз болгону байкалууда. Токтогул суу сактагычында 8-декабрга карата суунун көлөмү 10,8 млрд куб метрди түздү. Бул акыркы жылдардагы эң аз көрсөткүч.
Тема боюнча: Жазында «Токтогулдагы» суунун көлөмү 7 млрд метр кубга төмөндөй турганы айтылды
Энергокризистин шартында Кыргызстандын бийлиги күз-кыш жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттой баштаган. Ошентип өлкө алмашуу жолу менен Казакстандан, Өзбекстандан энергия алат, аны менен катар Түркмөнстандан импорттойт. Андан сырткары, бийлик Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдаган болчу.
Мындан сырткары, энергокомпаниялар электр энергиясын пайдалануу кубаттуулугуна чектөөлөрдү киргизип, кээ бир райондордо электр жылыткычтарын пломбалаган.
Ошондой эле энергетиктер элди электр энергиясын үнөмдөп, мүмкүн болушунча үйлөрдү көмүр же газ сыяктуу жылытуунун альтернативдүү булактары менен жылытууга чакырган. Бирок көмүр учурда былтыркыдан кымбатыраак.