Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койду. Бул тууралуу «Клоопко» президенттин маалымат кызматы кабарлады. Салык кодексин парламент 2021-жылдын 22-декабрында эле кабыл алган, ал 2022-жылдын 1-январынан тарта президент кол койгондон кийин күчүнө кириши керек эле. Бирок Жапаров ага 18-январда гана кол койду.
Буга чейин ага кол коюлары же толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылары тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес.
Жаңы Салык кодекси
Салык кодексинин жаңы долбоору айрым депутат жана юристтер тарабынан бир нече жолу сынга алынган. Алар документ «өтө чийки» экенин айтып, бир катар дал келбестиктер жана кемчиликтер бар экенин белгилешкен.
«[...] Бул мыйзам долбоорунда биз олуттуу тобокелчиликтерди, анын ичинде салык кызматынын ыйгарым укуктарынын күчөшү, жана башка факторлордон улам бир нече тармактагы ишмердүүлүктөр боюнча салык төлөөдө кыйынчылыктар болорун көрүп турабыз. Мисалы, бул интернет жана байланыш кызматтарынын кымбатташына алып келиши мүмкүн, булар болсо пандемия жана аралыктан иштөө учурунда абдан маанилүү», — деп эсептейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков.
Депутат Дастан Бекешов жаңы Салык кодексине ылайык, Салык кызматы «укук коргоо органына айланарын», январда «кыргызстандыктар сюрприздерге даяр болушу керек» деп билдирген. «Жаңы салык кодекси күчүнө кирип жатат, анын жардамы менен Салык кызматы укук коргоо органына айланат. Эми ыкчам-издөө ишмердигин жүргүзө алат. Мындан тышкары, Салык кызматы салыкка 100 миң сомдон ашык карызы бар жарандарды же чет өлкөлүктөрдү чек арадан чыгуусуна чектөө коюну талап кыла алат», — деп билдирген эл өкүлү.
ККМге каршы митинг
Бизнес-коомчулук жана катардагы жарандар жаңы Салык кодексинен чочулап, нааразылыктарын айтышууда. Алардын кабарлашынча, документ талкууланып жана кабыл алына турган мөөнөт аздык кылган.
Алар бир нече ирет митингге чыгып, президенттен жаңы кодекске кол койбоону суранышкан. Митингчилер Салык кодексине киргизелген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, алар контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) орнотууга милдеттүү болуп калышарын айтышууда.
Сатуучулардын айтымында, ККМ смартфондордо үзгүлтүккө учуроо менен иштейт. Токмоктук ишкерлер базарда жарык дайыма өчүп турарын, эгер бир эле кардар дүмүрчөгү жок кетсе айып салынарын белгилешүүдө. Айрым соодагерлер айып салына баштаганын кабарлашты.
«Биринчи жолу 23 миң сом, экинчисинде 65 миң сом айып салынат. Аларды төлөөгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз да, күчүбүз да жетпейт. Анан биз азыр бул аппараттарды сатып алууга даяр эмеспиз. Анын үстүнө азыр интернет системасы жок, базарларда кошумча чыгымдарды талап кылат. Ушундай мүчүлүштүктөрдүн көбүнөн улам азырынча даяр эмеспиз деп эсептейбиз. Ошондуктан KKM-онлайнды колдогон өкмөт мүчөлөрүнө кайрылабыз: бизге жок дегенде бир жыл убакыт бергиле, биз мурункудай патент системасы менен эле иштей берели», — деп айтышкан алар.
Бирок Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын декабрында ишкерлерди ККМди киргизүү талабынын жаңы Салык кодекси менен эч кандай байланышы жок деп ишендирген эле. Алар бир нече жыл мурда эле орнотулганы белгиленген. Өкмөттүн токтому менен жаңы үлгүдөгү ККМге өтүү графиги бекитилген. Документте аянты 20 чарчыдан ашкан соода жана тейлөө түйүндөрү контролдук-кассалык машиналарды 2021-жылдын 1-июлунан тарта колдоно башташы керек экени көрсөтүлгөн.
Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМдерди колдонууга милдетүү.
Бул тууралуу буга чейин экономика министри Данияр Амангелдиев дагы айткан.
«Эгер жаңы Салык кодекси күчүнө кирсе, базарлардын соодагерлери салыктардан бошотулат. Негизгиси, алар дүмүрчөктөрдү колдонуп, ККМ колдонушу керек болот. Алар салык төлөшпөйт. Кичи жана орто бизнес толук корголот. Боз тарабын көмүскөдөн чыгарыш керек. Эгер жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса, алар башка салык режими менен иштешет», — деген ал.
Жаңы Салык кодексинде дагы эмнелер камтылганын төмөнкү шилтемерге өтүп окусаңыз болот:
Бийлик такси кызматынын ар бир буйрутмасынан 2% салык алууну көздөйт
Эми кардардын банктык маалыматы купуя болбойт. Салык кодексине түзөтүү сунушталды
Жаңы салык кодекси: Банк купуялуулугу сакталбайт
Дегеле Кыргызстанга жаңы Салык кодексинин эмне кереги бар?
Демилгечилер мыйзамдарды учурдагы экономиканын шарттарына шайкеш келтирүүгө, салык процедураларын толугу менен санариптештирүүгө, ишкерлерге бирдей шарт түзүп, көмүскө экономиканы азайтууга аракет кылып жатканын айтышууда.
Салык кодексинин болочоктогу жаңы редакциясы биринчи жолу өткөн жылдын июль айынын аягында министрлер кабинетинде талкууланган.
22-июлдагы жыйында маморгандар менен бизнес-коомчулук салык мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу, салык текшерүүлөрдү оптималдаштырууну жана атайын салыктык режимдерин жакшыртуу боюнча алдын ала жыйынтыктарды карашкан.
Ошондой эле, ведомствонун басма сөз кызматы көчмө жыйындын аягында «жаңы редакция боюнча алдын ала долбоор» даярдалганын белгилеген. Бирок анын тексти коомдук талкууга 3-сентябрда гана чыккан.
Ведомство долбоор «салык процераларын санариптештирүүнү» улантууга жардам берип, «ишкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүүнү жана көмүскө экономиканы кыскартууну» дагы камсыздайт деп эсептейт.