Нарында катуу шамал НМУнун жана бир канча үйдүн чатырын учуруп кетти

Нарын шаарында катуу шамал Нарын мамлекеттик университети менен турак үйлөрдүн чатырын учуруп, эки электр мамычасын кулатты. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, катуу шамал 10-май күнү кечки 19:00 чамасында катталган.

Анда куюн аралаш катуу шамалдын кесепетинен Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунун, Сагымбай Орозбаков көчөсүндөгү жана Ак-Коргон конушундагы бир канча жеке турак жайлардын чатыры кулаган.

Мындан сырткары, шамалдын кесепетинен электр мамычасы кулап, шаарда электр жарыгы өчүрүлгөн.

Учурда ӨКМдин 21 куткаруучусу чатырларды жана электр мамычасын калыбына келдирүүдө. Ошондой эле, табият кырсыгынын чыгымдары эсептелип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-майдан тарта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын көп болуп, катуу шамал болоорун эскерткен.