Жогорку Кеңештин үч депутаты Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, мугалимди кемсинткен окуучунун өзүнө жана алардын ата-энелерине айып пул салууну сунуштады. Бул мыйзам долбоорду парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында биринчи окууда жакытырылып, кабыл алынды.
Депутаттардын сунушу
Демилгени депутаттар Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев жана Улан Бакасов (парламенттин сайтында демилгечи катары көрсөтүлгөн эмес) сунушташты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга 22-февралда чыгарылган.
Демилгечилер документ «педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында» иштелип чыкканын белгилешет.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан «педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, а түгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө гана эмес, кепилденген педагогикалык кызматкерлердин коомдогу өзгөчө укуктук статусунун ылдыйлашына алып келет» деп айтылат.
«Кыжыр кайнаткан жана көнүмүш болуп бараткан мындай учурларга таң калбоо керек. Балдар ата-энелеринин мугалимдерге болгон жүрүм-турумун жана мамилесин гана чагылдырат: Эгерде бала ата-энеси тарабынан мугалимге карата сыйлабастык мамилесин көрсө, “мугалим келесоо” жана “менин генийиме эки койгонго кантип батынды, мен ага көрсөтөм” деген сөздөрдү укса, мугалимдерди жек көрүүдөн башка, бөлөк нерсени сезип-туюшу мүмкүн эмес», — деп ойлошот демилгечилер.
Эл өкүлдөрү бир ата-эненин жазган арызы мугалимди иштен бошотууга негиз болгон көрүнүш адат болуп кала жаздаганын дагы билдиришти.
«Тилекке каршы, акыркы он жылда ата-энелер коомчулугу жалпы билим берүү системасына жана өзгөчө мугалимдерге болгон жек көрүүнүн болуп көрбөгөндөй чегин көрсөттү. Натыйжада мугалимдерге эки тараптан: мектеп окуучуларынан гана эмес, алардын ата-энелеринен да коргонууга туура келип жатат», — деп белгилешти мыйзам долбоорунун демилгечилери.
Буга алар «үчүрда мугалим ушунчалык күчсүз жана алсыз болуп калганы, алардын көпчүлүгү күчтүүлөргө карата өз күчүн көрсөтүп койгусу келип, тилин тишине катып турушканы» себеп экенин айтышат.
«Натыйжада педагогдун кесибин таштап кетиши, анын кесибинен иренжүүсү массалык көрүнүшкө айланды, мугалимдердин үчтөн экисинен көбү куугунтукка туш болгонун, ал тургай окуучулардын тикелей зордук-зомбулуктарына кабылганын статистика күбөлөндүрүп турбайбы. Учурдагы мыйзамдар мугалимдерге басым көрсөтүүчү инструменттердин көптөгөн түрүнө ээ, бирок иш жүзүндө окуучуга эч кандай таасир этүүчү рычаг жок. Мунун өзү эле мектеп окуучуларына түрткү берүүчү фактор болуп саналат – “жазасыздык бузат”», — деп жазылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.
Канча айып салууну сунуштап жатышат?
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Аманкан Кенжебаев «Клоопко» курган маегинде окуучулардын ата-энелерине айып 12 жаштан баштап салынарын айтты. Айып пул 2 миң сомду түзөт. Эгер укук бузуу кайталанса, 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу чарасы көрүлөт.
«Бул мыйзам долбоору жогорку класстардын окуучуларына багытталган. Жашы 12 жаштан ылдый балдар көп тартип бузушпайт», — деди ал мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалап.
Мыйзам долбоорунда мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине же эгерде ал эрезеге жеткен болсо окуучунун өзүнө же ошого жараша тарбиялык мамилелердин катышуучусу болгон башка адамга колдонулары айтылат.
Демилгечилердин жүйөөлөрү
Тармактык комитеттин ушул эле жыйынында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Самыйкожо өлкөдө мугалимдердин укуктары корголбогонун билдирди.
«Мен ойлойм, ар бир бала үчүн атасы менен апасынан өткөн дүйнөдө эң күчтүү адам жок. Бала ошондой элестетет, менин атамдан күчтүү адам жок дейт, менин энемден күчтүү адам жок дейт. Эгерде ошол ата, ошол эне сени балам, мектепте мугалим мынтип аткан болсо, сен мага айт, мен анын көзүн чукуйм десе, ал бала бөркүндөй ишенип алат. Ошон үчүн ушундай маселе келип атат, ошол маселенин негизинде, балдардын жанагындай бир, жаман иштерге барып, мугалимди кемсинтүү, кол көтөрүүгө чейин жетип аткандыгы болуп атат деп ойлойбуз. Албетте ар бир нерсенин эки тарабы бар, бул боюнча окуучуларга болгон укук жетиштүү, окуучулар корголот дайыма, бирок ушул жерде мугалимдердин укугу жетишсиз болуп калат да», — деди депутат Мирлан Самыйкожо парламенттин комитеттик жыйыныныда.
Парламенттик комитеттин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов айып пулдун колөмүн кайра карап чыгып, көбөйтүүү керектигин айтты.
Буга Самыйкожо кээ бир ата-энелерге 2 миң сом деле чоң акча деп жооп берди. Ал талкуу жана сунуштардан кийин ушул суммага токтолушканын кошумчалады.
Ал эми Атажанов мектепте тартипти көбүнчө «колунда бар байлардын, коммерсанттардын балдары» бузат деп билдирди.
«Негизи өзү коомдук тартипти бузган окуучулар аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары эмес да, мына коом да көрүп жатабыз да. Бүт эле баягы, колунда бар, байлардын, коммерсанттардын балдары болуп атат да. Ошого дагы бир карап көрсөңүздөр, штрафты көбүрөөк кылганды. Анан бул мыйзамды колдойбуз, сөзсүз. Анан жанагындай, ата-эненин жоопкерчилиги болушу керек да, мугалим билим-илим бериш керек да, сабак өтүп, тарбия бербейт да мугалим. Ата-эне тарбия берип, баланы жакшы жолго салышы керек, ата-эненин милдети да», — деп белгиледи ал.
Жалпысынан депутаттарга мыйзам долбоору жагып, сунуштарын беришти. Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу ведомство демилгени колдорун билдирди.
Самыйкожо Минкабдан да сунуштар келгенин белгиледи.
«Бардыгын эске алып, мыйзам долбоорун парламентке биринчи окууга чыгарабыз», — деди ал.
Сузакта мектеп окуучунун сабалышы
Парламенттик комитет мугалимдерди кемсинткен окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун Сузакта мектеп окуучусу мугалимдин ур-токмогуна кабылган шартта жактырды. Окуя 23-майда болгон. Окуянын видеосу соцтармактарга чыгып кеткен.
Окуядан кийин милиция жана Билим берүү жана илим министрлиги териштирүү баштаган. Жалал-Абад ОИИБнен окуя маалыматтарды катоо журналына киргизилгенин айтып беришкен.Аталган окуя коомчулуктун бүйүрүн кызытып, ал эми бийлик тарабынан түрдүү пикирлер айтылган. Алсак, буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев менен минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ойлорун айтышкан.
Бейшеналиев мугалимдин аракети туура эмес болгонун, бирок бул окуяда балдардын тарбиясында дагы маселе бар деп айткан. Байсалов болсо мугалим менен окуучунун ортосундагы чатакты баланы мектептен чыгаруу аркылуу чечсе болорун билдирген.
Мугалим өзү окуучу сабак башталганда телефонго алаксыгандан кийин, кайым айтышуу болгондон соң кол көтөргөнүн айткан. Ошол эле кезде мугалим туура эмес кылганын мойнуна алган. Аны менен катар жумуштан кеткенин да кошумчалаган. Бирок кийинчерээк мугалим жумушуна иштей турганы белгилүү болгон — райондук билим берүү бөлүмү мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эмес.
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов педагогго түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөнүн билдирген.
Мектеп окуучусунун апасы окуянын эртеси күнү кызынын тарамыштары тырышып, бир нече жолу кусуп, андан соң ооруканага жаткырылганын айтып берген. Ал эми сабалган окуучу мугалим аны өзүн коргогону үчүн сабап салганын билдирген. Анын айтымында, мугалим аны «сволочь» деп атап, үй-бүлөсүнө сөз тийгизген.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын билдиришинче, кызда жабык баш-сөөк жаракаты, баш мээнин чайкалуусу, баштын чачтуу бөлүгүндөгү жумшак ткандардын жабыркашы жана билегинде жана оң жак тизесинде кан уюган көгала тактар аныкталган. Акыйкатчы мугалимди жоопко тартууну талап кылууда.
Ал эми сабалган кыздын энеси мугалимдин үстүнөн милицияга арыз жазган.