Сузакта мугалими сабаган окуучу кыздын апасы милицияга арыз жазды

Сузакта мугалими тарабынан сабалган окуучунун апасы милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Клоопко» 31-майда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыздын абалы начарлап, окуянын кандай болгонун видеодон көргөн апасы мугалимге мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылды. Кандай болгон күндө да, жада калса кыздын апасы кайра доом жок деп арызынан баш тартса да, милиция экспертизанын жыйынтыгында буга юридикалык баа берет», — деп билдиришти ведомстводон.

Буга чейин жабырлануучу кыздын апасы мугалимдин үстүнөн арыз жазбаганын, бирок бул аракетине нааразы болгонун белгилеген.

Милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын жана милиция соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатканын белгилешти.

«Балдардын укугун коргоо» лигасынын директору Назгүл Турдубекова «Клоопко» кыздын апасы арызын кайтарып алган күндө деле, мугалим жоопко тартылат деп ишендирди.

«Бул аял жоопко тартылбайт дегенден кабар бербейт. Буга укук коргоо органдары баа бериши керек. Мугалимдин үстүнөн буга чейин да арыз түшкөн экен», — деди Турдубекова.

Мугалим-окуучу чыры

Сузактагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганы 25-майда белгилүү болгон. Фейсбукта мугалим менен окуучу кыз айтышып жатканы, андан соң мектеп окуучусун башка-көзгө уруп жатканы тартылган видео тараган.

Бул окуя интернетке тараган соң коомчулукта ача пикир жаралган. Айрымдар мугалимди жазага тартууну талап кылса, айыпты окуучу кызга оодаргандар да болгон.

Аталган факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, Жалал-Абад ОИИБи териштирүүнү баштаган. Окуучу кыз ооруканага жаткырылган.

Кийинчерээк окуя боюнча окуучу кыз, анын апасы жана мугалим комментарий берген. Мугалимдин кызы менен жабыркаган кыз бир класста окуганы маалым болгон.

Окуучу «мугалимдин кызы мага сөгүндү», «ага жооп кайтарганда мугалим мени урушту» деп билдирген. Мугалим окуучусу менен ушундан улам айтыша кеткенин моюндап, «тарбияга чакырдым» деп айткан.

Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев «кандай учур болбосун мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек болчу» деп билдирген. Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова окуяга дароо реакция билдирип, мугалим жана мектеп директору жоопко тартылышы керек деп жазган. Кийинчерээк Абдрахматова окуучу кыздын баш мээси чайкалып, мээси жабык жаракат алганын айткан.

Тема боюнча:

Сузак: Мектепте сабалган окуучу кыз, апасы жана мугалим окуя боюнча үн катышты

Акыйкатчы мугалим тарабынан сабалган окуучунун баш мээси чайкалып, жабык жаракат алганын айтты