Курулуш жана соода-сатык. Factcheck.kg Зулушевдердин кандай бизнеси бар экенин айтып берди

Factcheck.kg басылмасы башкы прокурорлук кызматтан убактылуу четтетилген Курманкул Зулушевдин туугандарынын бизнеси жөнүндө эки макала чыгарды. Журналисттер Зулушевдин туугандары үй куруп, соода кылып, энергокомпанияларды башкарышарын аныкташты.

Аялынын жана уулунун бизнеси

Зулушевдин аялынын аты-жөнү Назгүл Надирова. Ал «ЖазыГидро» ЖЧКнын негиздөөчүсү, компанияны башкы прокурордун бир тууган иниси Дарманкул Зулушов жетектейт. Компания гидроэлектростанцияарга элект энергиясын өндүрүп берет.

Кадирова, Factcheck’тин маалыматына ылайык, 2021-жылга чейин «Единый центр оплаты» ЖЧКсында негиздөөчү болуп жүргөн. Фирма маалыматтык технологиялар жана компьютердик технологиялар тармагында иш алып барат.

«Единый центр оплаты» катталган дарек боюнча дагы төрт компания, анын ичинде «Эн.Эн.Эн. Холдинг» ЖЧКсы каттоодон өткөн. Бул фирманын тең негиздөөчүсү жана директору болуп түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча адистештирилген прокуратурасынын мурдагы башчысы Адис Өмүралиев эсептелет.

Ал 2021-жылдын 20-майында Прокуратура органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп шайланган.«Бул жыйында Курманкул Зулушев прокуратура органдары ардагерлер кеңешине өзгөчө көңүл бурарын айтып, мыйзамдуулукту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген», — деп жазат Factcheck.

Басылма Зулушевдин 17 жаштагы уулу Барсбек Токторалыев ОсОО «Радуга Пром Строй» ЖЧКнын директору экенин дагы жазат. Компания дүңүнөн адистештирилбеген соода тармагында иш алып барат.

Курманкул Зулушевдин уулу. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

Бир туугандардын бизнеси

Factcheck’тин маалыматына ылайык, Курманкул Зулушевдин эки иниси бар — Дарманкул жана Рыскул. Бирок экөөнүн фамилиясы бир аз башкача — Зулушов деген фамилияны алып жүрүшөт. Экөө тең ишкер.

Дарманкул Зулушов 2016-жылы түптөлгөн «ЖазыГидро» энергетикалык компаниясынын директору. Ал «Ырыс Ордо» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири да болуп эсептелет. Басылма ишкананын түзүүчүлөрүнүн арасында «Ата-Журт – Кыргызстан» партиясы менен депутаттыкка аттанган Нурланбек Абиев жана бизнесмен Майрамбек Рысбеков дагы бар экенин белгилейт.

«Ырыс-Ордо» 2019-жылы каттоодон өткөн, Ош шаарында имараттарды куруп иштейт.

«“Ырыс Ордо” компаниясы курган 13 кабаттуу имараттын бир чарчы метри 650 долларды түзөт. Компаниянын сатуу бөлүмү учурда 11, 12 жана 13-кабаттан тышкары батирлердин баары сатылып кеткенин билдирди»,— деп айтылат журналисттердин маалыматында.

Алардын маалыматына ылайык, 2022-жылдын апрелине чейин компаниянын ээлеринин арасында Ташиевдин уулу Тимурлан дагы жүргөн.

Ал эми Рыскул Зулушов Ош облусунун сот департаментинин жетекчиси болуп иштеген. Учурда Рыскул Зулушов ишкерлик менен алектенет. Ал 2021-жылы негизделген «Рыс гидро» жана «Кайнама ГЭС» энергокомпанияларына ээлик кылат.

Курманкул Зулушев

2020-жылдын 21-октябрында ошол кездеги премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Курманкул Зулушевди Башкы прокурор кылып дайындаган. Зулушев жалгыз талапкер болуп, депутаттардын колдоосуна арзыган.

Зулушев 2015-жылы «Республика — Ата-Журттун» курамында шайлоого барып, бирок партияга добуш алып келе алган эмес. Ал Жогорку сотко чейин арызданып, акыры депутаттык мандатка ээ болгон. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо болсо азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон.

Зулушев 2000-жылдан тартып прокуратура тармагында түрдүү кызматтарда иштеп, андан соң судьялыкты аркалаган. 2007-жылдан тартып Чүй облусунун Сокулук райсотунун судьясы болуп, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Ошол эле жылы Курманкул Зулушев Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди актаган соттук коллегияга мүчө болгон. Андан соң Алмазбек Атамбаев Зулушевди ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошоткон.

Зулушев өткөн жылы тапшырган декларациясында 2020-жылы 750 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Ошондой, 250 миң сомдук бодо малы, 2,3 млн сомдук жылкылары бар экенин маалымдаган. Анын жакын тууганына 119 жана 213 чарчы метрлик эки үй катталганын, 81 айыл чарба жери бар экенин билдирген.

2022-жылдын 4-июнунда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коррупцияга байланыштуу иши боюнча Курманкул Зулушевди тергөө маалына башкы прокурорлук кызматтан убактылуу бошоткон. Өлкө башчысынын басма сөз катчысы мындай чечим «саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында» кабыл алганын түшүндүргөн.

Министр 2-июнда кармалган. Башкы прокуратура ага 7 кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Эртеси күнү 3-июнда Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирген. Өлкө башчысы комиссияны министрге кылмыш иши калыс козголгонбу-жокпу «өзү үчүн билип алуу» максатында түзгөнүн кошумчалаган.

Буга чейин Жапаров бир нече жолу Бейшеналиевди колдоп, ал «сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билген жетекчи» деп сыпаттаган.

4-июнда Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди тергөө аяктаганча кызматынан бошоткон.