Азия кубогу-2023, тандоо: Кыргызстан Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 11-июлда Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагындагы беттеште Мьянма курама командасын 2:0 эсебинде жеңип алды.

Биринчи таймдын 22-мүнөтүндө кыргызстандын чабуулчусу Виктор Майер Мьянманын дарбазасына гол киргизип, эчепти ачты. Беттештин 44-мүнөтүндө Майер кайрадан дарбазага сокку уруп, экинчи ирет гол киргизди.

Оюнга стадиондон кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова да күбө болушту.

8-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Сингапур менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Анда Кыргызстандын пайдасына капитан Валерий Кичин пеналти тээп, Виктор Майер дарбазага сокку уруп гол киргизген.

14-июнда кыргыз футболчулары Тажикстандын курамасы менен беттешет. Бул эң маанилүү оюн, анткени анын жыйынтыгынан тайпадан кайсы команда чыгары белгилүү болот.

Биринчи таймдагы урунттуу учурлар:

  • 5:17 Кырыз футболисттери чабуулга өттү. Бирок топту Мьянманын дарбазачысы тосуп калды.
  • 9:38 Кристиан Браузман сокку урду бирок топ дарбазанын четинен өтүп кетти.
  • 14:01 Кыргыз футболчулары чабуулга өттү бирок пассты туура эмес берип алышты.
  • 19:03 Алимардон Шукуров сокку урду, бирок гол кирген жок.
  • 19:38 Александр Мищенко сокку урду, бирок дарбазачы тосуп калды.
  • 24:51 Алимардон Шукуров топту чыраып берди, Виктор Майер сокку уруп эсепти ачты.
  • 26:05 Фархат Мусабеков топту чыгарып берип, Виктор Майер сокку урду, бирок Мьянманын коргоочусу топту артка кайтарды.
  • 29:32 Мьянманын чабуулчулары алгачкы жолу алыстан сокку урду. Бирок топ дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.
  • 36:40 Кайрат Жыргалбек уулу баш менен сокку урду, бирок Мьянманын коргочусу тосуп калды.
  • 44:53 Александр Мищенко топту чыгарып берди, Виктор Майер сокку уруп, дагы бир гол киризди.

Экинчи таймдагы урунттуу учурлар:

  • 52:57 Мьянманын курамасында алмашуу болду.
  • 55:47 Мищенко топту чыгарып берип, Алимардон Шукуров сокку урду, бирок Мьянманын дарбазачысы топту тосуп калды.
  • 57:01 Кыргыз футболчулары чабуул кылды, бирок гол кирген жок.
  • 59:40 Мьянманын футболчулары бурчтан чыгарып берди, бирок топту кыргыз футболчулары артка кайтарды.
  • 60:14 Фархат Мусабеков топ талашып жатып жабыркап калды, дарыгер чакыртылды. Оюн уланды.
  • 64:11 Кыргыз курамасында алмашуу. Фархат Мусабековдун ордуна Нуралимжан Ахмедов оюнга кирди.
  • 74:08 Кыргыз курмасында Александр Мищенконун ордуна 16 жаштагы Бекназ Алмазбеков оюнга чыкты. Бул оюн анын дебюттук оюну.
  • 75:16 Бурчтан чыгарып берүү болуп, Валерий Кичин баш менен сокку уруп, топ дарбазага кирген. Бирок кыргыз футболчусу даразачы менен кагышканы үчүн калыс гол деп эсептеген жок.
  • 78:14 Алимардон Шукуровду уруп кеткен үчүн Мьянманын оюнчусуна сары кагаз берилди.
  • 80:23 Бекжан Сагымбаев сокку урду, бирок Мьянманын дарбазачысы тосуп калды.

Азия кубогунун тандап алуу этабы

2023-жылдагы Азия кубогуна 24 курама катышат. Алардын 13ү белгилүү болду. Кыргызстандын футболчулары калган 11 жолдомонун бирин алганга аракет кылышат.

Тандоо оюндарында жалпы алты тайпа бар. 11 жолдомону дал ушул топтун жеңүүчүлөрү, башкача айтканда, биринчи орунду алган жана статистикада мыкты оюн көрсөткөн командалар алат. Андыктан Кыргызстандын курамасы биринчи же экинчи орунду камсыздашы керек.

Бирок ошондой болгон учурда деле кыргыз курамасы Азия кубогунда ойнойт деген кепилдик жок. Себеби башка тайпаларда алдыга чыккан командалардын жалпы упайы жогору болуп калышы ыктымал.

Азия кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда өтүшү керек эле, бирок өлкө бийлиги коронавирустан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча турнир кайсыл өлкөдө өтөрү белгисиз.

Азия кубогу 18-ирет өтүп жатат. Аны Азиянын футбол конфедеренциясы өткөрөт.

Тема боюнча:

Азия кубогу-2023: Кыргызстан Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди