Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 13-июндагы брифингде «быйыл Кыргызстанда 2021-жылдагыдай олуттуу сугат суу тартыштыгы болбойт» деп ишендирди.
Жаныбеков сугат суу системасын калыбына келтирүү боюнча алдын ала чаралар көрүлгөнүн айтып, быйыл мамлекеттик бюджеттен айыл чарба үчүн 26 миллиард сом каралганын билдирди. Ал белгилегендей, бул сумма өткөнкү жылга салыштырмалуу алты эсе көп.
«Бүгүнкү күндө биздин адистер сугат суу калалдарын вегетация мезгилине даярдоо үчүн 630 миллионго жакын сом пайдаланышты. Бул олуттуу көрсөткүч. Ал сугат сууну жеткирүүдө жоготууларды азайтат», — деп белгиледи министр.
Жаныбеков быйыл жаан-чачын көп болдуктан дарыяларда суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу жогору болушу күтүлүп жатканын белгиледи.
«Азыр Чуй обулусундагы көп жылдык чөптөрдү жыйноо аяктап, бардык жерге жүгөрү, кант кызылчасы айдалды. Бирок мындай аймактарга бир учурда суу жеткирүү иш жүзүндө мүмкүн эмес, ошондуктан кезекти сактоо менен бул маселени чече алабыз. Былтыркыдай көйгөйлөр болбойт. Ал боюнча ызы-чуу кылуунун кереги жок», — деди ал.
Бирок министр 20-январдагы брифингде 2022-жылы өткөн жылдагыдай эле сугат суусунун тартыштыгынан «кыйынчылыктар болот» деп билдирген болчу. Ал фермерлердин ишин жакшыртуу жана эгин талааларын сугаруу көйгөйүн жоюу үчүн министрлик ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү иштерин баштаганын айткан.
Кыргызстандагы кургакчылык
2021-жылы Кыргызстандык дыйкандар күндүн өтө ысык болгонуна байланшытуу кургакчылык көйгөйүнө кабылышкан. Июнь айынын башында эле фермерлер 100 гектар айдоо аянтынын 6 миңге жакыны кургап калганын айтып чыгышкан.
Алар суу жыл сайын тартыш болуп бара жатканын, бирок 2021-жылы абал өтө курчуп кеткенин белгилешкен. Дыйкандар бийликтин көңүлүн көйгөйгө бурдуруу үчүн Бишкекте митингге да чыгышкан.
Алар кургакчылыктын кесепети чыгымдарга эле эмес, Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизерин билдиришкен. Мындан тышкары, дыйкандар өлкө бийлиги сууну Казакстан менен Өзбекстанга коё берип жатканына нааразы болушкан.
«Электр станциялар» ишканасы Казакстан жана Өзбекстандан 1650 кВт/саат электр энергиясын алуу келишими боюнча суу агызылып жатканын айтып жооп берген. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.
Ишкана «электр энергиясы менен камсыздоо тууралуу макулдашууларга «Токтогул суу сактагычындагы суу ресурсун сактап калуу, калкты жана өлкөнүн экономикасынын тармактарын үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү» максатында март айында эле кол коюлган» деп түшүндүрмө берген.
Кургакчылык дыйкандардан тышкары өлкөнүн энергетикасына да таасирин тийгизип, кризисти жараткан. Бийлик электр энергиясына чектөө киргизип, коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болду.