Кургакчылык: Чүй облусунда түнкүсүн суу кампалары жабылат

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдылбай Жайлобаев «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Жайыл жана Панфилов райондорун суу менен камсыздоо үчүн Чүй облусунда түнкүсүн суу кампалары жабылаарын айтып берди.

Анын айтымында, мындай чаралар түнкүсүн суу кампалары жабык турганда суу топтолушу үчүн керек. Буга чейин бийлик сугат суусун пайдаланууга чектөө киргизген, бирок бул чарадан майнап чыккан эмес.

«Ошондуктан суу топтолуп, райондорго жетиши үчүн түнкүсүн бир нече күн жаап турууну чечтик. Эртең менен ачып турабыз», — деди Жайлобаев.

Муну менен бирге Жайыл жана Панфилов райондорунда совет доорунда казылган 200дөй скважинаны калыбына келтирүү пландалып жатканы айтылды. Суу агенттиги бул облуста кургакчылык маселесин чечет деп эсептейт.

«Совет мезгилинде өлкөдө 5 миң скважина болгон. Учурда алардын абалдары каралууда. Алдыда өлкө аймагындагы скважиналарды калыбына келтирүүнү пландап жатабыз», — деп кошумчалады Жайлобаев.

Андан тышкары, анын айтымында, Катар фонду 100 скважинаны калыбына келтирүүнү каржылоого алдын ала макулдук берген. Ошондой эле, Кара-Балтадагы Аспара суусуна жана Сокулукка суу сактагычтарды куруу пландалууда.

Жайлобаев бул объектилер боюнча долбоордук документтер даяр экенин, бирок ишке ашырууга каражат табуу керектигин белгиледи.

Кыргызстандагы кургакчылык

Кыргызстандык дыйканда күн өтө ысып жаткандыктан кургакчылык көйгөйүнө кабылышкан. Июнь айынын башында эле фермерлер 100 гектар айдоо аянтынын 6 миңге жакыны кургап калганын айтып чыгышкан.

Алардын айтымында, суу жыл сайын тартыш, бирок 2021-жылы абал ого бетер курчуп кеткен.

«Бул маселе чечилбесе түшүмдүн 60% тек гана күйүп кетет. Маселе өтө курч. Адамдар бир күн кечке айтып бүтө алгыс көйгөйдү жазып жатышат. Айрым каналдарда суу андан ары кетиш үчүн 2-3 күнгө чейин сууну жаап коюшууда, бул аябай көп да», — деп айтып берген өлкөнүн Жүгөрүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкс.

Бийликти кургакчылык маселесине көңүл бурдуртуу үчүн 14-июнда Чүй облусунун 300гө чукул дыйканы митингге чыккан. Алар бул чыгымдарга эле эмес, Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизээрин билдиришкен.Мындан тышкары, дыйкандар өлкө бийлиги сууну Казакстан менен Өзбекстанга коё берип жатканына нааразы болушкан.

«Электр станциялар» ишканасы Казакстан жана Өзбекстандан 1650 кВт/саат электр энергиясын алуу келишими боюнча суу агызылып жатканын айтып жооп берген. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Компания төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген: электрэнергиясы менен камсыздоо тууралуу макулдашууларга «Токтогул суу сактагычындагы суу ресурсун сактап калуу, калкты жана өлкөнүн экономикасынын тармактарын үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү» максатында март айында эле кол коюлган.