Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров валюта рыногунда көйгөй бар, бирок дүрбөлөң түшүүгө негиз жок деп эсептейт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна курган маегинде айтты.
Жапаровдун айтымында, «азыркы тапта Орусия менен Украинанын ортосундагы атайын операциядан соң валюта рыногунда өйдө-төмөн, олку-солкулук орун алып жатат». Ошондой эле, анын айтымында валютаны сатуу жана сатып алуу боюнча рыноктук механизм жакшы эле иштеп жатат, болгону Кыргызстандан чыгарылган доллардын агымы өскөн.
«Банктардын маржасын карайлы деп жатабыз. Өлкөдө акча-кредиттик саясатка Улуттук банк жооп берет. Биз тапшырма бергенбиз. Алар банктар канчалык туура пайыздарды коюп жатканын карап, текшерип жатат», — деп айтты Жапаров.
Жапаров «кара базар» тууралуу да айтты. Акыркы учурда кыргызстандыктар өлкөдөгү акча алмаштыруу жайларында доллар сатыкта жок болуп жатканына даттанышууда, бирок мессенджерлерде валютаны жогорку курс менен сатып жана сатып алууга жардам берем деген түрдүү тайпалар пайда болгон.
«Биздин өлкөдө эркин базар калыптанган. Ошондуктан эч ким алданбаш керек. Акчанын баарын банктардан алуу зарыл. Акча которууларды банктар аркылуу жүргүзүү абзел. Бизде доллар, алтын-валюталык запас жетиштүү. Өкмөт да аракеттерди көрүп жатат. Азыр дүрбөлөң түшүүгө негиз жок деп ойлойм. Башка өлкөлөрдөн валюта келип - кетип жүргөн, азыр деле келип-кетип жатат. Тек гана Орусия менен Казакстанга көбүрөөк кетип жатканына көңүл бурдук. Ал боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Украинадагы окуялардан улам бизге кыйынчылык жаралып жатат», — деди ал.
Жапаровдун айтымында, өлкөдө долларды чыгарып кетүүнүн алдын алган мехинизм иштей баштады. Минкабдын төрагасы аны өкмөт киргизбегенин, бирок ар бир банкта иштей баштаганын айтты.
«Кыргызстанда рыноктук принциптер өз орду менен иштеп жатат деп эсептейбиз. Албетте, кыйынчылыктар болууда. Бул өзгөчө накталай төлөм жүргүзүүдө сезилүүдө. Бирок накталай эмес соода жүргүзүүдө эч кандай маселе жок. […] Чоң деле өлкө эмеспиз. Эч кандай дүрбөлөң болбош керек. Биз бул жааттагы абалга тыкыр көз салып, көзөмөлгө алып жатабыз. Мындан ары да көзөмөл болот», — ден ишендирди Жапаров.
Согуштан улам жаралган валюта көйгөйү
Орус армиясы Украинага ири алкакта кол салгандан тартып Орусияга карата олуттуу экономикалык санкциялар салынган. Бул Орусияда накталай доллардын тартыштыгын пайда кылган.
Мындан улам Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлган — бир адам 10 миң доллардан ашык алып чыга албайт. Ушундай эле чектөө марттын ортосунда Казакстанда дагы киргизилген. Мындай чаралар Кыргызстанда рубль, теңге жана доллар менен акча которуулардын көбөйүшүнө алып келди деп айтышты Улуттук банктан.
«Өлкөдөн чет элдик валютаны чыгарууга/киргизүүгө тыюунун жоктугунан пайдаланып, [чет элдик валютаны акча которуу менен] алгандар накталай АКШ долларын чоң көлөмдө Кыргызстандан чыгарып кеткен жана чыгарып жатышат», — деп белгилешкен Улуттук банктан.
Кызыл кулактык менен күрөшүү үчүн Улуттук банк айрым чектөөлөрдү киргизген — 18-апрелден тарта кыргыз банктары эл аралык акча которууларды кайсыл өлкөнүн валютасы менен которулган болсо, ошол валютада же сом менен гана берет.
Мындан тышкары, эми коммерциялык банктар акча алмаштыруучу жайлар менен бир күндө ошол акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага гана валюта соодасын жүргүзө алышат.