Баткен: Абактагы үч адам «милициянын кыйноосуна» даттанды, ОИИБ аны четке кагууда

Сүрөт: Кыйноолордун алдын алуу борбору

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Баткен облусундагы убактылуу кармоочу жайларга барышты. Анда үч адам милиция тарабынан кыйноого кабылганын айтып даттанды. Ал эми Баткен ОИИБи борбор тараткан маалыматты четке кагууда.

Аталган борбордун өкүлү Улугбек Абдулазимов «Турмуш» басылмасына билдиргендей, алар 26-августта Баткен ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына барышкан.

Анда 14 адам болгон — алардын 6сы 10 күндөн ашык кармалып турганы белгилүү болуп, бул боюнча акт түзүлгөн. Ошондой эле 49 жаштагы киши «милиция ага кыйноо көрсөткөнүн» айтып арыз жазган.

Борбордун өкүлдөрү 27-августта Кызыл-Кыя ШИИБге барган. Текшерүү учурунда керектүү дарылар жетишсиз экени, ал эми изолятор «бир айдан ашык убакыттан бери дезинфекцияланбаганы» аныкталган.

Ал эми кармалып отурган 8 адам менен сүйлөшүү учурунда 22 жана 30 жаштагы адамдар милициянын кыйноосуна даттанып арыз жазышкан.

Мындан сырткары Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайында да текшерүү жүргөн. Анда 7 адам кармалып турган. Анын ичинде бир аял он күндөн ашык кармалганы аныкталып, акт түзүлгөн.

Милиция эмне дейт?

Ал эми Баткен облустук милициясынан «Клоопко» борбордун берген маалыматы «чындыкка дал келбейт» деп билдиришти. Алардын маалыматында, Кызыл-Кыя ШИИБде дары-дармектер «жетиштүү», ал эми дезинфекция «12-августта жүргүзүлгөн».

Кыйноого даттанган эки адам боюнча, «алар экспертизадан өткөндө денесинде эч кандай жараат болгон эмес» деп айтышты. Ошондой эле алар Ош шаарындагы Юстиция министрлигине караштуу тергөө абагына которулганын белгилешти.

Ал эми арызданган дагы бир жарандын да соттук-медэкспертизасы таза чыкканын, ал соттун чечими менен үй камагына жиберилгенин билдиришти.

«Баткен ОИИБи Кыйноолордун  алдын алуу боюнча улуттук борборуна биринчи кезекте маалыматты тактап, андан соң коомчулукка жарыялоону сунуштайт», — деп белгилешти мекемеден.

Кыйноолордун алдын алуу борбору

Кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борбору — бул эркиндиктен ажыраган жана абакта кармалган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле кылууну алдын алуучу көз карандысыз орган.

Аталган борбор ИИМдин, УКМКнын, ЖАМКтын мекемелерин, министрликтерге караштуу мекемелерди, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Мамлекеттик бажы кызматынын мекемелерин, Мамлекеттик миграция кызматынын мекемелерин, жеке менчик балдар үйлөрүн, Диний уюмдардын алдындагы жеке менчик балдар үйлөрүн жана жетим балдарды багуучу, тарбиялоочу мекемелерди текшере алат.