Улуттук банк 5-сентябрда валюта рыногу салыштырмалуу турукташып калганын кабарлады. Буга байланыштуу Башкы банк акча алмаштыруу бюролору менен коммерциялык банктардын ортосундагы чет элдик валюталарга байланыштуу операцияларын жүргүзүүгө салган убактылуу чектөөсүн алууну чечти — ал өлкөдөн нак доллар чыгарылып жаткан шартта киргизилген болчу.
Улуттук банк бул чектөөлөрдү 22-июлда, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана «дүйнөдө орун алып турган геосаясий кырдаалга жана алардын ички финансылык рынокко таасирине байланыштуу алгылыксыз жагдайларды жана тобокелдиктерди кыскартуу» максатында киргизген.
Коммерциялык банктар акча алмаштыруучу жайлар менен бир күндө ошол акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага гана валюта соодасын жүргүзө ала турган болушкан. Бул накталай, ошондой эле накталай эмес чет өлкө валюталарына тиешелүү болгон.
Мындан тышкары, коммерциялык банктар жума сайын Улуттук банкка отчёт, анын ичинде акча алмаштыруучу жайлар менен чет элдик валютадагы соода-сатыгы тууралуу тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирилген.
Валюта рыногундагы оюндар
Орус армиясы Украинага ири алкакта кол салгандан тартып Орусияга карата олуттуу экономикалык санкциялар салынган. Бул Орусияда накталай доллардын тартыштыгын пайда кылган.
Мындан улам Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлган — бир адам 10 миң доллардан ашык алып чыга албайт. Ушундай эле чектөө марттын ортосунда Казакстанда дагы киргизилген.
Кыргызстандын Улуттук банкы мындай чаралар республикада рубль, теңге жана доллар менен акча которуулардын көбөйүшүнө алып келгенин, андан ары которулган акчалар өлкөдөн доллар менен алынып чыгарылып турганын айтышкан. Украинадагы согушка чейин Кыргызстанга доллар негизинен Орусиядан келип турганын белгилей кетүү керек.
«Өлкөдөн чет элдик валютаны чыгарууга/киргизүүгө тыюунун жоктугунан пайдаланып, [чет элдик валютаны акча которуу менен] алгандар накталай АКШ долларын чоң көлөмдө Кыргызстандан чыгарып кеткен жана чыгарып жатышат», — деп белгилешкен Улуттук банктан.
Абалды турукташтырыш үчүн Улуттук банк бир катар чектөөлөрдү киргизген, мисалы, акча которууларды бир кезде доллар менен алууга мүмкүн болбой калган.
Валютанын таңкыстыгы комбанктар валютаны алмаштыруудагы комиссиясын кыйла жогорулатуусуна алып келген. Алар муну өлкөгө валюта алып келүүнүн башка жолдорун издеп жатышканы, анын ичинде акчаларды башка өлкөлөрдөн ташып келүү кымбат болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн.
Эксперттер накталай акчанын тартыштыгы жана ар түрдүү чектөөлөрдүн шартында өлкөгө кара базар келгенин, балким ага коммерциялык банктар катышып жаткан болушу мүмкүн деп айтышкан. Кийин Улуттук банк нак валюта тартыш болуп жаткан шартта өлкөдө кара базар пайда болгонун моюндаган.
Ошондой эле Орусиянын Украинага кол салуусунан улам доллардын курсу катуу термелүүгө дуушар болгон. Марттын ортосунда доллардын курсу 105 сомго чыгып, ал эми апрелдин башында 81,5 сомго чейин түшүп кеткен. Кийин доллар кайра 92,6 сомго чейин кымбаттап, бирок кайра бат эле арзандай баштаган. 5-сентябрга карата доллардын сомго карата куну 80,9 сомду түзөт.
Тема боюнча: Жумуртканын баары бир кутуда. Кыргызстанга чет элдик валюта кайдан келет?