Башпрокурор киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмү адилеттүү тергелерин убада кылды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмүнө комментарий берди. Ал жергиликтүү тургундар менен менен жолугушууда укук коргоо орган кызматкерлери бул ишти адилет териштирет деп убада берди.

Зулушев учурда иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт. Ал кыздын өлүмүнө байланыштуу иш президенттин жеке көзөмөлүндө экенин эске салды.

«Жакында эле президент жарлык чыгарган (“Улуттук нарк жөнүндө”). Ал ушул балдар-кыздарыбызды коргоо максатында чыгарылган ушундай окуялар көбөйүп жаткандыктан. [14 жашар кыздын өлтүрүлүшү боюнча иш] менин дагы жеке көзөмөлүмдө. Бул ишти адилеттүү тергетебиз. Мындай мыкаачылыкка баргандар соттон аёосуз жазасын алышы керек. Бул биздин кыргыз элине таандык эмес жат көрүнүш. Бизде мындай окуялар кайталанбасын деп каалайт элем. Баланы тарбиялаш ар бирибиздин милдетибиз», — деди Курманкул Зулушев.

Буга чейин президент Садыр Жапаров өзү дагы ушундай эле өнүттөгү оюн билдирген. Ал кыргыз эли «байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл» деп белгилеген.

«Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес. Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда [...] Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү», — деп билдирген мамлекет башчысы.

14 жашар кыздын киши колдуу болушу

4-сентябрда Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип үч киши кармалган. Алар убактылуу кармочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.