Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан кетүү үчүн арыз жазууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 19-октябрдагы жыйынында айтты.
«Мен өмүр боюу мамлекеттик кызматта иштедим: дипломатия чөйрөсүндө 22 жыл иштедим, көп пайда алып келдим. Өзбекстандагы Кыргызстандын элчилигинде үч жыл иштедим. Бул маселелерди ичинен билем. Мен кадрдык дипломатмын. Кызмат жолунда мага эч ким түрткү берген эмес. Ар бир тепкичти өз эмгегим менен басып өттүм. Мамлекетке алып келген пайдам чоң, бирок эч качан арзан пиар кылган эмесмин. Учурда Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалык кызматын тапшырышым керек деген сөз пайда болду. Мен барын түшүнүп турам. Жамаатыбызды бөлгүм келбейт. Арыз жазганга даярмын. Убакыт баарын көрсөтөт», — деди Айдарбеков.
Ошондой эле, Айдарбеков минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айыптоолоруна жооп берди.
«Анан сиздер [депутаттар] менен акылдашып, баарлашып, кой мамлекетибиз, элибиз үчүн талашпай тынч эле төрагалыктан өз ыктыярым менен кетейин деген чечимге келдим. Бирок кечээ күнү бир киши коомчулукка чыгып, мени далилсиз айыптады. Адилетсиз жамандады. Намыска тийди. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Мен жооп бербесем болбойт. Аткаруу бийлигинин өкүлү, дайындалган киши, эл шайлаган депутатка баа берип жатат. Муну кандай түшүнчө болот? Биз кандай мамлекетте жашайбыз? Эл өкүлүнө одоно мамиле жасап жатат — бул мамлекеттик кызматкердин сабатсыздыгы. Ар бир бийликтин бутагы өз милдетин аткарышы керек. Кошоматчылардын табияты туруксуз, бүгүнкү кошоматчылар, эртеңки саткындар», — деп билдирди ал.
Парламентарий чек ара маселесин талкуулоо көптөгөн бузуулар менен жүрүп жатканын белгиледи.
«Өткөн аптада өкмөт бизге келишимдин долбоорун алып келип, макулдук бергиле, жактырылсын дешти. Кагаздар толук берилген жок. Бизди шаштырышты. Өткөн апта делимитация боюнча [документтин] пакети колума тийди — башка кагаздар жок болчу. Андан кийин 10-октябрда бизге ушул кагаз келип түштү. 11-октябрь күнү бизге башка кагаз келип түштү. Анда берилген кагаздарды окубай туруп кайтарып бергиле деп жазып жатат. Ошого карабастан, баарын регламенттин негизинде алып бардым», — деп белгиледи депутат.
Айдарбеков чек ара боюнча чечимдер эки өлкөгө тең пайда алып келгендей болушу керек деп эсептейт.
«Кыргызстандын эң чоң жетишкендиктеринин бири — бул ачык демократиялык коом. Элибиз эки институтту — президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайт. Эл өкүлү болуп алардын [эл] мүдөөсүн ишке ашырабыз. Депутаттар бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп турушат. Элибиз бизди чоң үмүт менен карайт. Тең салмактуу, адилеттүү чечимдерди кабыл алабыз деп күтүп турушат», — деп Айдарбеков сөзүн жыйынтыктады.
Айдарбековго болгон басым
10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абыд суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет.
«Эл өкүлдөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү — алты макул, төртөө каршы добуш беришти. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн пикиримди билдирдим. Мен кагазды өз көзүм менен көрмөйүн макул боло албай турганымды айттым. Ошондуктан каршы добуш бердим», — деген Айдарбеков.
Айдарбековдун парламенттик комитеттеги орун басарлары, депутаттар Чолпон Султанбекова жана Лейла Лурова дагы комитеттин чечимине кол коюудан баш тартышкан.
«Чыңгыз Айдарбеков каалашынча “каршы” добуш бере алат, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, ал үчүн көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген. Анын акылсыз популизми менен жоопкерчиликсиз позициясы жок эле дегенде компетенциясы жоктугун айтып турат. Бирок, жашыруун жүйөөлөрү дагы бар болушу мүмкүн…», — деп жазган минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында.
Айдарбеков чечимге кол койбой койгону үчүн аны парламенттик комитеттин төрагалык кызматынан алуу аракети көрүлөрүн четке какпайт.
Депутат Шайлообек Атазов Айдарбековду алмаштыруу маселеси чынында эле талкууланып жатканын бышыктаган «Азаттыкка».
Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы депутатты чакыртып алуу маселесин карашпай турганын билдиришкен. Айдарбеков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитеттин төрагалыгына аталган фракциядан келген.
Кемпир-Абад боюнча талаштар
Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.
Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.
УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.
Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат. Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.
Курултайга бир катар саясатчылар, анын ичинде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров, депутат Дастан Бекешев, «Азаттык» партиясынын мүчөсү Исмаил Исаков жана «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов катышкан. Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.