Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик бажы кызматын сынга алып, минкаб «олуттуу» реформаларга даярданып жатканын билдирди. «Бүт бажычыларды бир күндө бошотуп, ордуна институтту жаңы бүткөн балдарды киргизгенге даярбыз», — деп билдирди ал.
Жапаровдун билдирүүсү Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Жыйын учурунда депутат Айбек Алтынбеков быйыл бажы кызматы пландалган 98,5 млрд сомду чогулта албасын эске салды — жыл жыйынтыгы боюнча чогултула турган жалпы сумма 75 млрд сомду түзөт деп күтүлүүдө. Ал мунун ар кандай себептери болушу мүмкүн — бажы башчысы Самат Исабеков коюлган тапшырманы аткара алган жок деп болжоду.
«Мен анализдеп чыктым, [Кадыржан] Семетеевдин (бажы кызматын 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын июнь айына чейин жетектеген) убагында бажыда кирешелер көтөрүлгөн, пландар аткарылган. Самат Сатарович [Исабеков] келгенден кийин (бажы кызматын биринчи жолу 2021-жылдын июнь айынан октябрына ченине чейин жетектеген) [көрсөткүчтөр] тезинен ылдый түшүп, аткарылбай баштаган. Андан кийин сиз өзүңүз Кубанычбеков Адилет деген жигитти койдуңуз (бажы кызматын 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын январь айынын орто ченине чейин жетектеген), ал жигит келгенден кийин [киреше кайра] көтөрүлдү, жогору көтөрүлдү, пландын бардыгы аткарылды. Кайра Самат Сатарович [Исабеков] (экинчи жолу 2022-жылдын январында дайындалган) келди, мына бүгүнкү күнгө чейин сиздин тапшырмаңыз аткарылбай жатат. Бир чара көрүш керек да», — деди ал.
Минкабдын төрагасы декабрь айында 2022-жылдын жыйынтыгы чыгарыларын, анын натыйжасында президенттин, парламенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткара албаган жетекчилер менен «коштошушарын» айтып жооп берди.
«Жакында эле төрт министр менен коштошконбуз, эч кимисин аяп, менин тууганым экен, досум экен деп карабайбыз. Ошонун ичинде Бажы инспекциясы дагы бар. Эмдиги жылы кардиналдык түрдө реформаларга даярданып жатабыз», — деп билдирди Жапаров.
Жапаров бажыда «бардыгын тартипке келтирүү» керектигин да белгиледи.
«Бизде оорулуу проблеманы бажы инспекциясы кылат. Керек болсо “за державу обидно” деген балдарды алып келебиз. Садыр Нуркожоевич менен да сүйлөштүк. Керекпи, бүт бажычыларды бир күндө бошотуп туруп, ордуна институтту жаңы бүткөн балдарды киргизгенге даярбыз. Болгону системаны даярдап келатабыз», — деп билдирди минкабдын жетекчиси.
2004-жылы Борбордук Азия аймагындагы экономикалык кызматташтыктын (БААЭК) бажы тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форумундагы материалдарында кыргыз бажысында 1159 киши эмгектенери маалымдалган.
Аны менен катар Акылбек Жапаров бажы кызматы 2022-жылы былтыркыга салыштырмалуу 26 млрд сомдон көбүрөөк каражат жыйналганын билдирди.
«Биз 50 млрд [сом] көп бересиң дегенбиз [2022-жылы]. Ушул [чогулта албай калган] 24 миллиарддын 7 миллиарды [Украинадагы согуш жана анын Орусияга тийген кесепеттеринен улам] Орусиядан келбей калды. Дагы 7 миллиардына түшүндүрмөлөр бар. Калган 10 миллиарды [боюнча] административдик кемчиликтер болуп атат», — деп жооп берди Жапаров.
Буга чейин «Клооп» Бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 10 айында 59,1 млрд сом чогултканын жана 2022-жылдын аягына чейин 98 млрд сом чогултуу планын аткара албасын маалымдаган. Өлкө тарыхындагы 35 млрд сомдук бюджеттик тартыштыкты Министрлер кабинети бажы алымдары чогулбай калганы жана Тажикстан менен болгон ири куралдуу кагылышуудан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө кеткен кошумча чыгымдар менен байланыштуу деп түшүндүргөн.
Бажыдагы коррупция
Бажы кызматы өлкөдөгү эң эле коррупциялашкан мамлекеттик органдардын бири болуп эсептелет. Эң эле чуулгандуу коррупциялык жаңжал OCCRP, «Азаттык» жана «Клооптун» иликтөөлөрүнүн башкы фигуранты, бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон.
Журналисттер Матраимов бажыда иштен 10 жыл ичинде Кытайдан кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен коррупциялык схеманы жолго койгонун аныкташкан.
Матраимов Абдукардын үй-бүлөлүк кланына Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө жүктөрдү мыйзамсыз ташыганга жардам берип, ал ортодо үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садагаларды» алып жүргөнү аныкталган. Журналисттер ушундай жол менен Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткенин далилдешкен.
Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалар аркылуу так кесе канча акча тапканы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Бирок экс-бажычынын үй-бүлөсү дароо эле байып кеткени айдан ачык — мисалы, журналисттер Матраимовдун Кыргызстандагы жана анын сыртындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрүн таба алышкан. АКШда Матраимов жана анын аялы санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизилген.
2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.
Тема боюнча:
Блогер-депутат. Матраимовду актап, мамкызматка кайра алып келүүнү сурангандар кимдер?