Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы кыргыз бийлигин мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына түзөтүүлөрдү артка чакыртып алууну суранышты. Бул тууралуу алардын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолдогон катында айтылат. Түзөтүүлөр салык төлөөчүлөрдүн акчаларын натыйжалуу пайдалануу концепциясын толук түрдө жокко чыгарат деп эсептешет алар.
Каттын авторлору түзөтүүлөр мамлекеттик сатып алуулар тармагында коррупциянын алдын алуу чараларын жок кылат дешет. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, сатып алуучу уюмдар камсыздоочуларды атаандаштык, ачык-айкындуулук, адилеттик жана отчёттуулук жок шартта тандоого кептелет.
«Бул мамлекеттик чыгымдардын эң ири каналы болгон мамлекеттик сатып алуулар системасын алдамчылыкка жана мыйзам бузууларга көбүрөөк дуушар кылат жана салык төлөөчүлөрдүн акчасын натыйжалуу пайдалануу концепциясын толугу менен жокко чыгарат. Үнөмдүүлүк, натыйжалуулук, ачык-айкындуулук, адилеттик принциптери кыйроого учурайт, бул базар атаандаштыгынын бурмалайт жана рыноктун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет», — деп айтылат катта.
Тендер системасын жоюу
Президенттин администрациясы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү 2022-жылдын октябрында эле сунуштаган. Түзөтүүлөр мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну «өркүндөтүү жана оптималдаштыруу», ошондой эле «коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу» максатын көздөөрү айтылган.
Бирок көзкарандысыз юристтер аны жакшыртуу эмес эле учурдагы тендердик системаны толугу менен жок кылуу деп баалашкан.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик сатып алуулардын эки ыкмасын — чектелбеген жана чектелген ыкмасын алып салуу сунушталууда. Бул мамлекеттик сатып алуулар бир гана «котировкаларды суратуу» жана «бир эле булактан» сатып алуу ыкмалары менен жүргүзүлөт дегендик. Башкача айтканда, бул конкурссуз эле түз сатып алуулар болот.
Мындай операцияларга 2020-жылы, Кыргызстан COVID-19 пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал режиминде турганда жол берилген.
Европа биримдиктин мамлекеттик контракттарга жүргүзгөн анализи көрсөткөндөй, түз келишимдер товар жана кызматтардын баасынын жогорулатылышына алып келет. Мисалы, беткаптар базар баасынан 10 эсе кымбат сатып алынган.
Ошондой эле, президенттин администрациясы сунуштарга баа берип, жеңүүчүнү аныктап же эреже бузуу аныкталса сатып алууну өткөн жок деп таанып коё алган комиссияны жоюуну да сунуштаган. Тендердик комиссияларды жоюу «коомдук көзөмөлдүн дагы толугу менен жок болушуна» алып келет деп билдирген бюджетти пландаштыруу жана мамлекеттик каржы маселелери боюнча эксперт Бакыт Сатыбалдиев.
Буга чейин «Клооп» мамлекеттик сатып алуулар кандайча көмүскөгө кетип жатканы жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү жаңы мыйзам сатып алуулардын бир бөлүгүн калктан гана эмес, потенциалдуу катышуучулардан — бизнесмендерден да жашырышы мүмкүндүгү тууралуу жазган.
2021-жылы Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдар «конфиденциалдуу» кылууну чечкен сатып алууларды жашыруун калтырууга мүмкүндүк берген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга кол койгон. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү ачык булактагы маалыматтар журналисттерге жана коомчулукка тендерлерде бийликке тиешеси бар компаниялар утуп жаткан учурларды аныктоого мүмкүндүк берип келген.
Тема боюнча окуңуз:
Тендер системасы жоюлушу мүмкүн. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын кайрадан өзгөртүү сунушталды