Казакстанда Викрам Рузахуновдун кыйноого алынганы боюнча тергөө убактылуу токтотулду

Казакстанда кыргызстандык джазмен Викрам Рузахуновдун кыйноого алынганы боюнча кылмыш ишин иликтөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу музыканттын адвокаты бакыт Автандил билдирди. Рузахунов 2022-жылдын январында Казакстанда болгон окуялар учурунда кармалып, казак полициясында кыйноого кабылган.

«Тиешелүү экспертизалар дайындалгандыктан убактылуу токтотулду. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кайра жандантышат», — деди «Клоопко» Рузахуновдун адвокаты Бакыт Автандил.

Рузахунов өзү журналисттерге кыйноо иши боюнча жабырлануучу катары тергөөгө катышып келүү үчүн адвокаты менен Казакстанга барып келгенин айтып берген.

«Биз Казакстанга коштоп барып келгиле деп биздин тергөө органдары менен прокуратурага кайрылганбыз. Тилекке каршы, бизге эч бир кепилдик берилген жок, тергөөчү да беришкен жок. 26нан тартып 30-сентябрга чейин адвокатым менен Алматы облусунда болдук, ал жерден баарын болгонун болгондой айтып бердим. Ошол жерлердин баарын кыдырып, видеого түшүрдүк. Ошол эле күндөрү соттук-медициналык экспертиза дайындашты, жыйынтыгы чыгары менен кайра барабыз [Казакстанга]», — деп билдирди Рузахунов.

Музыкант Кыргызстанда анын Бишкектин Ленин РИИБи иликтегенин да айтып берген.

«Июлда милиция тергөөнү аяктап, иштин материалдарын Башкы прокуратурга өткөрүп берген. Прокуратура өз кезегинде ишти Казакстандын тийиштүү органдарына жибериши керек эле. Биздеги маалыматтар боюнча, иш дагы деле Башкы прокуратурада турат», — деп белгилеген Рузахунов.

Мындан тышкары, Рузахунов Казакстандын бийлигинен кыйноого алышканы үчүн кенемте талап кыларын кошумчалаган. Анын айтымында, кенемтенин суммасы азырынча аныктала элек.

Рузахуновдун кармалышы

Викрам Рузахуновдун кармалганы Казакстандын «Хабар 24» телеканалынын видеосунан белгилүү болгон. Телеканалдын эфиринен 9-январь күнү бети-башы көгала, өзүн жумушсуз кыргызмын деп тааныштырып, 200 доллар үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген адамды көрсөтүшкөн.Кыргызстандагылар аны таанып калып, ал белгилүү джазмен Рузахунов экенин айтып чуу чыгарышкан соң музыкант 10-январь күнү мекенине кайтарылган.

Бир айдан кийин музыкант кармалган учурда кыйноого алынып, кабыргаларын сындырып, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

«Жөн жерден эле кармалган жүздөгөн адамдын арасынан мени тандап, сөздөрдү жаттатып, камерага айтууга мажбурлаган адамга рахмат айтам», — деп белгилеген ал.Рузахуновду кыйноо иши боюнча кылмыш иши 10-февралда козголгон. Сентябрда музыкант Казакстандын Антикоррупциялык кызматынын чакыруусу менен жабырлануучу катары тергөөгө катышуу үчүн коңшу мамлекетке барып келген.

«Мага карата кыйноо жасалганы боюнча кылмыш иши 2022-жылдын 10-февралында эле козголгон, ошондон бери кыйноого тиешеси барлар табылбай жатат экен. 8 айдын ичинде бийлик бир дагы оъективдүү иликтөө жүргүзбөдү. Ал тургай алар кыйноого кабылгандар таанып берген күч органдарынын кызматкерлерин да шектүү деп таппай жатышат, кыйноонун далилдерин болсо жабырлануучулар менен адвокаттарга бербей туруп эле жок кылып жатышат», — деп жазган музыкант.

Рузахунов аны «өлтүрүүгө аракет кылган» полиция департаментинин жетекчисин жана «камакта кезинде уруп-сабап» суракка алгандарды жоопко тартуу керек деп эсептейт.