«90 миң теңге». Казакстанда кыргызстандык музыкант Викрам Рузакунов кармалды

Викрам Рузакунов

Казакстанда башаламандыктарга катышууга шектелип кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузакунов кармалды. Кыргыз бийлиги окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Казакстандык ЖМКларда 9-январда «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан келген» делген кыргыз жарандын катышуусу менен тасма жарыяланды.

Анда кармалган киши аны менен «бейтааныш адамдар байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

Ал эми соцтармактардын колдонуучулары аталган киши кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузакунов болгонун жазып чыгышты.

«Мен Кыргызстанда жумушсуз болгонум үчүн макул болдум. Алар мага билет алып беришти, 2-январда Алматыга учуп келдим. Мени батирге алып келишти — ал жерде Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары болушкан, бирок алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын түшүнгөн жокмун. Митинг башталганда мен коркуп, батирге кайтып, анын эртеси күнү мени кармап кетишти», — деди Рузакунов.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда Казакстандын тийиштүү органдары менен биргеликте кыргыз жаранынын кармалышы боюнча бардык жагдайларын тактап жатышканын маалымдады.

Ал эми Рузакуновдун жакындары ал кыйноолорго кабылганын жана музыкант менен байланышка чыга албай жатышканын айтышууда. Ал ишмердүүлүгүнө байланыштуу Алматыга гастроль менен бат-баттан барып турганы айтылды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 9-январга карата массалык башаламандыктарга катыштыгы бар делген шек менен 5 135 киши кармалган. Күч органдары жалпысынан 125 кылмыш ишин козгогон.

Казакстандагы нааразылык акция

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Ал эми Жогорку Кеңеш 7-январдагы жабык отурумунда ЖККУнун чечимин карап чыгып Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүүгө макулдугун берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирген.