Музыкант Викрам Рузахунов тергөөгө катышуу үчүн Казакстанга барды

Кыргызстандык жазмен Викрам Рузахунов 2022-жылдын январь айында Казакстанда болгон башаламандыктар учурундагы кыйноолор боюнча тергөөгө катышуу үчүн Казакстанга барды. Бул тууралуу музыкант Фейсбук барагына жазды.

Рузахунов Алматы облусуна адвокаты Батыбек Автандил менен бирге Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын чакыруусу менен келгенин айтты.

«Мага карата кыйноо жасалганы боюнча кылмыш иши 2022-жылдын 10-февралында эле козголгон, ошондон бери кыйноого тиешеси барлар табылбай жатат экен. 8 айдын ичинде бийлик бир дагы оъективдүү иликтөө жүргүзбөдү. Ал тургай алар кыйноого кабылгандар таанып берген күч органдарынын кызматкерлерин да шектүү деп таппай жатышат, кыйноонун далилдерин болсо жабырлануучулар менен адвокаттарга бербей туруп эле жок кылып жатышат», — деп жазды музыкант.

Рузахунов аны «өлтүрүүгө аракет кылган» полиция департаментинин жетекчисин жана «ал камакта кезинде уруп-сабап» суракка алгандарды жоопко тартуу керек деп эсептейт.

Рузахуновдун кармалышы

Викрам Рузахуновдун кармалганы Казакстандын «Хабар 24» телеканалынын видеосунан белгилүү болгон. 9-январь күнү эфирден токмок жеген адамды көрсөтүшүп, ал өзүн жумушсуз кыргызстандыкмын деп тааныштырып, 200 доллар үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген. Кыргызстандагылар аны таанып калып, ал белгилүү жазмен Рузахунов экенин айтып чыгышкан соң 10-январь күнү мекенине кайтарылган.

Бир айдан кийин музыкант кармалган учурда кыйноого алынып, кабыргаларын сындырып, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

«Жөн жерден эле кармалган жүздөгөн адамдын арасынан мени тандап, сөздөрдү жаттатып, камерага айтууга мажбурлаган адамга рахмат айтам», — деп белгилеген ал.