ЕАЭБдин Бишкектеги саммити күтүлгөндөй эле алгылыктуу боло албады — дегеле саммиттин болуп өткөнүн Орусия үчүн ийгиликтүү деп санаса болот. Путин менен Лукашенко кесиптештерин согуш жана санкциялар союзга анчейин деле катуу сокку урган жок деп ишендирип отурушту, ал эми Борбор Азиянын лидерлери «санкция» деген сөздүн өзүнөн качып жатышты. Ошол эле кезде Садыр Жапаров Интернетте сөз эркиндигине согуш жарыялап, жеке бийлигин сактап калуу үчүн Москванын көмөгүнө үмүттөнүп, путиндик диктатураны ачыктан ачык эле көчүрүп жатат.
ЕАЭБдин Жогорку экономикалык кеңешинин саммити 9-декабрда Бишкекте өттү. Ал дээрлик үч жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн — Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын — бардык лидерлери чогулган биринчи оффлайн-иш-чара болду.
Быйыл ЕАЭБде төрагалык кылып жаткан кыргыз бийлиги Владимир Путиндин келишине байланыштуу кандай гана болсун согушка каршы болуп кетүүчү акцияларды болтурбоо аракетин көрүштү. Саясий активдүү сынчыларды күзүндө эле Кемпир-Абад иши боюнча камакка алып тынчытып, Бишкекте Жаңы жылга чейин коомдук акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. Анысы аз келгенсип, 9-10–декабрда, ЕАЭБдин саммити өтүп жаткан күндөрү калаа мектептеринде окутуулар токтотулган.
Ажыдаарлар тууралуу бир да сөз жок
Самитте Орусиянын Украинага каршы ийгиликсиз экени көрүнүп эле турган согушу ачык талкууланган жок, бирок Орусияга каршы санкциялардын кесепеттери талкууланды. Айтмакчы, санкцияларды ага кабылган беларус лидери Александр Лукашенко гана өз аты менен атады. Анын айтымында, ЕАЭБдин чечимдери санкциялык басымдардын терс таасирин кыйла төмөндөтүүгө жана экономиканын маанилүү тармактарын колдоого мүмкүнчүлүк берген. Дегеле, «коллективдүү Батыштын Орусия менен Беларуска каршы ойлонулбаган экономикалык санкцияларынын пакети басаңдай баштады» деп эсептейт ал.
Калган президенттер «санкция» деген сөздөн качып, сыпайы сөздөр менен ойлорун айтууну эп көрүштү — бир четинен өздөрү да санциядан чочулашат. Мисалы, Садыр Жапаров ЕАЭБдин саммити дүйнөлүк финансылык-экономикалык туруксуздуктун жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин экономикасына оор жүк түшүп жаткан шартта өтүп жатканын билдирди. Ал ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ортосундагы соода-сатыкта болуп аткан тоскоолдуктарды жоюу маселесин көтөрдү (Кыргызстандан чыккан жүктөр Казакстандын жана Орусиянын бажы өтмөктөрүнөн чыга албай туруп калган учурлар көп, бул союздун товарлар эркин ташылышы керек деген декларациясына каршы келет — ред.), ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республика уюмдун ишинин өнүгүшүнө кызыктар экенин билдирди.
Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушууда Москва ЕАЭБдин алкагында газдын бирдиктүү рыногун түзүүгө даяр экенин билдирди. Ал ЕАЭБ менен Европа Биримдигин да салыштырды. Анын айтымында, ЕБде газдын баасы ЕАЭБге салыштырмалуу он эсе жогору, эгер быйыл ЕБде жумушсуздук 7%ды түзсө, ЕАЭБде ал болгону 1,1%ды түзөт.
Бул Казакстандын президентинин Москвага жасаган сапарынын алкагында Путин үчүн жагымсыз болгон коллизияга айдан-ачык шилтеме болду. 28-ноябрда, Токаев Кремлде жүргөн кезинде, Казакстандын ТИМи Өзбекстан менен саясий, экономикалык жана аскердик союз түзүү тууралуу эки тараптуу макулдашуунун долбоорун коомчулуктун алдына алып чыккан. Бул долбоордо Орусиянын аты таптакыр аталган эмес.
Путин буга арданып, казак кесиптеши «жок» деп айтууга батына албайт деген үмүттө камеранын көзүнчө Токаевге Орусия, Казакстан жана Өзбекстан кирген үчилтик союзду түзүүнү сунуштаган. Ошондой эле болду, бирок Токаев ойлонуп көрүүнү убадалап, болочок союздун идеясын дипломатиялык жол менен газ маселесине алып барып такаган.
Кремль ушул жерден дароо жабышты да — жок дегенде газ — дегенсип жолугушууда «үч тараптуу газ союзун түзүү идеясы» да талкууланганы деп маалыматтарды тарата баштаган. Бирок Кремлдин пиарчыларын Ташкенде суук кабар күтүп турган эле: бир нече күндөн кийин ал жактан Орусия менен эч кандай газ союзун түзбөй турганын билдиришкен.
Бишкекте Владимир Путинди Өзбекстандан дагы бир жагымсыз кабар күтүп турган эле: саммиттин алдында президент Шавкат Мирзиёев келбей турганы, ордуна премьер-министр Абдулла Ариповду жиберери белгилүү болгон. Формалдуу түрдө байкоочу-өлкө макамы буга жол берет, бирок «газ союзунун» айланасындагы сылык талаштардын шартында бул Ташкен Москва менен байланыштырган союздардан өзүн алыс кармагысы келип жаткандай туюлду.
Калган жагынан Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы башка эч кандай алгылыктуу жыйынтыктарга алып келген жок. Алып келе да албайт эле: саммиттин өзү болуп өткөнүн эле ийгилик деп эсептесе болот. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү рынок түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун белендөөгө даярдыгын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгы менен ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин президенттери ондон ашык, басымдуу бөлүгү техникалык мүнөзгөө ээ документтерге кол коюшту.
Ошондой эле бул жолугушууда союздагы убактылуу төрагалык Орусияга өткөрүп берилди. Москва ЕАЭБде 2023-жылы төрагалык кылат.
Чоң үмүттөр деле болгон эмес
Carnegie Endowment for International Peace’тин саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Темур Умаров «Клоопко» курган маегинде ЕАЭБдин Бишкектеги саммитине көп деле үмүт артпаганын жана жолугушуунун жыйынтыгы боюнча байкаларлык жыйынтык болбогонун белгиледи.
«Өлкө башчылары жолугуп, мындайча айтканда, бул уюм керектигин айтып отурушту. Кайсы бир базалык, чынында андай деле окулбаган статистикалык маалыматтарды айтышты», — дейт Умаров.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев да кол коюлган документтер менен айтылган сөздөр көбүнесе салтанаттык жана символикалык мүнөзгө ээ деп эсептейт.
Саммиттин жыйынтыгынан бир гана тыянак чыгарсак болот, ал Орусия Борбор Азияга буга чейин болуп көрбөгөндөй «көп көңүл буруп» жатканы дейт Умаров. Анын айтымында, Путин жалпы алганда Борбор Азиядагы кесиптештери менен тез-тез жолугуп жатат, жыл башынан бери чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бардыгына барды жана алар менен телефон аркылуу байма-бай сүйлөшүп жатат. Бул аракети менен Москва аймактагы таасирин жок дегенде согушка чейинки деңгээлде сактап калууга аракет калууга аракет кылып жатат.
Ал эми Борбор Азия кайтсак, алар азыр эки тараптуу оюн жүргүзүүгө аракет кылышууда деп белгилейт саясат таануучу. Бир жагынан Орусия менен мамилесин бузгулары келбесе, экинчи жагынан өздөрүнүн позициясына каршы келген принципиалдуу маселелерде аны колдобогонго аракет кылышууда.
Эмилбек Жороев бир ыйык чындыкты эске салат: ЕАЭБ саммити сыяктуу форматтын бардык ыңгайсыздыктарына карабастан согуштан улам санкциялуу болуп турган Орусия менен биргелешкен иш аракеттер тууралуу билдирүүлөрдү жасаганга туура келет, Борбор Азия өлкөлөрү Орусия менен өз ара алакасынан жана анын аларга карата таасиринен толук түрдө баш тарта алышпайт.
«Акыркы айларда Борбор Азия өлкөлөрү Орусия жүргүзүп жаткан согушка тиешеси жоктугун, бейтарап экенин көрсөтүү үчүн буйтоого барып жаткандай сезим туюлууда», — деди эксперт «Азаттыкка» курган маегинде.
Жапаров менен Путин интернетке каршы
Казакстан менен Өзбекстан Орусиядан ачык эле оолактап, ал эми Тажикстан этияттап жаткан шартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Путиндин Борбордун Азиядагы эң эле берилген союздашынын ролуна ат салышып жаткандай.
Саммитин жүрүшүндө Орусиянын жана Кыргызстандын президенттеринин басма сөз кызматтары Вламидир Путин менен Садыр Жапаровдун эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө кыйла бүдөмүк биргелешкен билдирүүсүн таратышты.
Билдирүүнүн текстине карап, Жапаров, Александр Лукашенкону кошпогондо, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринен ичинен Путиндин сөз жана чогулуу эркиндигин чектөөгө багытталган демилгелерин ачык колдогон жалгыз президент деген тыянак чыгарууга болот.
Билдирүүдө байланыш технологиялары «барган сайын эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо милдеттерине сыйышпаган максаттарда колдонулуп» жатканы тууралуу сөз болот. Негизинен бул технологиялар барган сайын жарандарга, коомго жана мамлекетке коркунуч туудуруп жатат деп айтылат.
«Мамлекет башчылар глобалдык маалыматтык айдыңда эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого тоскоол болгон аракеттерди жүзөгө ашыруу, террористтик жана башка кылмыштуу максаттарда, ошондой эле суверенитетти (кысуу), мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн бузууга жана алардын ички иштерине кийлигишүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон мамлекеттер аралык чыр-чатактарды болтурбоо жана тынчтык жолу менен жөнгө салууну кубатташат», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн лидери БУУнун алдында мамлекеттик коопсуздук жаатында эл аралык конвенцияны иштеп чыгуу зарыл деп эсептешет.
Батыш алыста, Путин болсо жаныңда
Саясат талдоочу Темур Умаровдун пикиринде, Садыр Жапаров Орусияда Владимир Путин эбак сыноодон өткөргөн куралдарды колдонуп, ачык жана уялбастан жеке автократиясын бекемдеп жатат. Анын үстүнө, 2022-жылдын январындагыдай, Касым-Жомарт Токаевдей эле болуп бийлигин сактап калуу үчүн ЖККУнун жардамына үмүт арта алгандыгы үчүн да.
«[Жапаров] бийлигинин булагы Кыргызстандын ичинде экенин түшүнүп турат: коомдун ички колдоосу, өлкөдөгү таасирдүү адамдар жана саясий элита менен байланыш. Анан албетте, Кыргызстан үчүн маанилүү, тагыраагы, Орусия менен Кытайдын колдоосу. Мына ушулар артык болуп турат, ал эми калганы — көп вектордуу жана Батыш менен [мамиленин] маанилүүлүгү жөнүндө сөздөргө карабастан — анчейин деле маанигэ ээ эмес. Бирок Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштерине таасир этүүнүн, анын ичинде мыйзамдуу куралдары [Батыштыкына караганда] алда канча көп экенин түшүнүү керек. [...] Эгерде январда болгон, Казакстандагыдай кооптуу кырдаал жаралса, Орусияда режимди турукташтыра алгыдай күч жагынан да, юридикалык жагынан да куралдары бар. Жапаров муну түшүнүп турат, ошондуктан жакындоону байкап жатабыз», — дейт ал.
Умаров учурда Кыргызстанга Батыштын таасири аз экенин белгилейт. Бул бийликке президент Садыр Жапаровдун келиши менен гана эмес, Кыргызстандын батыш өлкөлөрү үчүн инвестициялык жагымдуулугу жоктугу менен да байланыштуу.
«Мунун баары Орусияны жана жарым жартылай Кытайды Кыргызстанга тышкы таасир этүүдө монополист кылып жатат. Мен Жапаров Батыш ага жакшы мамиле кылганды токтотуп коёт деп чочулайт деп ойлобойм», — деп билгилейт саясат таануучу.
Ал Жапаров учурда башка автократтардай эле күтүлбөгөн бир нерсе болуп кетсесин деп бийликтин баарын өз колуна топтоп жатат деп эсептейт. Мында автократ катары Орусиянын мисалы туура келет.
«Өлкөдөгү көйгөйлөргө карабастан [...] Орусиядагы саясий режим дагы деле туруктуу, — деп көңүл бурат эксперт. — Биз Путинде бийликти кармап калууда кандайдыр бир маселе жаралып жатканын же массалык нааразычылыктарды көргөн жокпуз. Башкача айтканда, Орусиянын мисалы, туруктуу режим катары, башка авторитардык өлкөлөргө жагымдуу. Анан калса Орусиянын легалдаштыруу куралдары менен тажрыйбаларын сөзсүз эле Москва Борбор Азия мамлекеттерине таңуулап жатат деп кароо зарыл эмес. Жок, ал жөн гана ар бир автократтын өз өлкөсүндө Орусияныкындай системаны куруу боюнча табигый калоосу болушу мүмкүн», — деп түшүндүрөт Умаров.