Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашыруу: Нарында 22 милиция кызматкери жазаланды

Кочкор районунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн жаап-жашырууга байланыштуу Нарын облусу боюнча 22 милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 27-декабарда билдирди.

Маалыматка ылайык, Улан Ниязбеков 26-декабрда облустук милиция менен онлайн жыйын өткөрүп, тогуз кызматкерди иштен алды. Дагы үч кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулуп, калгандарына тартиптик жаза берилди.

«Айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, Кочкор РИИБнин, керек болсо Нарын ОИИБнин жетекчилери бул окуяга көз жумуп, [уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү] элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан»,— деп бегилешти милициядан.

ИИМдин маалыматына ылайык, ээлеген кызматынан биротоло бошотулган кызматкерлер:

  • Нарын ОИИБнин жетекчиси — А.Жумабеков;
  • Нарын ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы — А.Үсөналиев;
  • ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча начальниги — А.Билдебаев;
  • Нарын ОИИБнин Ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү — У.Омоков;
  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү — Э.Токтосун уулу:
  • Ыкчам өкүл, милициянын капитаны — Б.Асанов;
  • Ыкчам өкүл, милициянын капитаны — А.Маратбек уулу;
  • Кочкор РИИБнин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери — Кожокматов;
  • Кочкор РИИБнин нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткерүнүн жардамчысы — Ч.Иманалиев;

Ички иштер органдарынын катарынын биротоло бошотулгандар:

  • 2022-жылдын 7-ноябрында Кочкор РИИБдин жетекчиликтен жоопкерчиликтүү, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги — А.Абдыкеев;
  • Кочкор РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү — А.Капаров;
  • Кочкор РИИБнин аймактык тескөөчүсү милициянын капитаны — А.Мурзабек уулу.

«Катуу сөгүш» жана «сөгүш» алган кызматкерлер:

  • Нарын ОИИБнин башчысынын Сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары — А.Кудайбердиев;
  • Нарын ОИИБнин башчысынын Кызмат боюнча орун басары — Р.Мурзакматов;
  • Нарын ОИИБнин башчысынын Кадр боюнча орун басары — М.Турпанбаев;
  • Нарын ОИИБнин Штабынын начальниги — А.Токтосунов;
  • Кочкор РИИБнин жетекчисинин Сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу — Б.Эрменов;
  • Кочкор РИИБнин жетекчисинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу, Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги — К.Садыбакасов;
  • Кочкор РИИБнин башчысынын Кадрлар боюнча орун басары — Н.Садыров;
  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, башчысы, О.Акпаровго «сөгүш» берилди.

Төмөнкү кызматкерлердин жоопкерчилиги соттун чечиминен соң каралат:

  • Кочкор РИИБнин башчысы А.Абыкеев;
  • Кочкор РИИБнин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу, Кылмыш иликтөө кызматынын жетекчиси — М.Алиев.

Буга чейин, 24-декабрда Кочкор районунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсү жана аларга тиешеси бар милиция кызматкерлери кармалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, алар кафенин ээсин «зордуктап, кафени өрттөйбүз» деп коркутуп акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсүнө эч кандай чара көргөн эмес.

ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков кармоо боюнча комментарий берип жатып, «жергиликтүү милиция кызматкери бандиттер менен дос, тууган жана тааныш болуп алышкан» деп айткан.

Автору: Насикат Жыргалбекова

Тема боюнча:

Кочкор: Кримтөбөл Көлбаевдин кишилери жана ага тиешеси бар милиция кызматкерлери кармалды