Кочкор: Кримтөбөл Көлбаевдин кишилери жана ага тиешеси бар милиция кызматкерлери кармалды

Нарын облусунун Кочкор районунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсү жана аларга тиешеси бар милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 24-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор районундагы кафенин ээси 7-ноябрда милицияга арыз менен кайрылган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү айына 1000 доллар талап кылып, болбосо кафесин өрттөп салышарын айтып коркутканын жазган.

УКМКдан жерине барган милиция кызматкерлери бул иш боюнча мыйзамдуу чара көрбөгөнүн белгилешти.

«Жазасыз калган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү топтун лидери К.Асанбек (ред: Камчы Көлбаев) жана укук коргоо, ички иштер органдары менен байланышы бар экенин айтып, мекеменин кожойкесин эки саат бою шылдыңдаганын улантышкан», — дешти мекемеден.

Кафенин ээси РИИБге бир нече жолу кайрылган соң жерине башка милиция кызматкерлери барган. Ал эми кылмыштуу топтун мүчөлөрү аларды көчөгө алып чыгып сабап, качып кетишкен.

Тергөө учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө Кочкор РИИБнин жетекчилиги колдоо көрсөткөнү тууралуу маалымат түшкөн. Алар бул окуяны журналга жана оперативдүү протоколго киргизбөө боюнча нөөмөт кызматына көрсөтмө берип, окуяны жаап-жашыруу аракет кылганы белгилүү болду.

«Райондук милициянын жетекчилиги кызмат абалынан пайдаланып кафенин ээсин тиешелүү органдарга кайрылбоого көндүрүүгө бир нече жолу аракет кылышкан», — деп белгилешти атайын кызматтан.

«Азаттык» уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар делип жалпы беш милиция кызматкери кармалганын жазды. Басылма Нарын облустук милициясынын башчысы Алмаз Жумабековго таянып, кармалгандардын үчөө бошотулганын билдирди.

«Коё берилгендер — тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, тергөөчү жана милиция кызматкери. Ал эми Кочкор РИИБнин башчысы жана дагы бир милиция кызматкери дагы эле абакта. Алардын кайсыл жерде экенин бизге кабарлашкан жок», — деди Жумабеков.

Көлбаев деген ким?

Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Автору: Каным Кыдырова

Тема боюнча:

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү чет элдик жарандан акча опузалоого шектелип кармалды