Конституциялык сот Капалованын «матчество» боюнча даттануусун карайт

Жазуучу Алтын Капалова Конституциялык сотко арызданып кайрылды. Бул тууралуу соттун сайтында маалымдалды.

Буга чейин Жогорку сот Капаловага балдары үчүн атасынын атынын ордуна өз ысымын (матчество) калтырууга уруксат бербей койгон.

Капалованын адвокаттары Кыргызстандын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамынын Конституцияга шайкештигин текшерүү жөнүндө кайрылуу жөнөтүшкөн.

Кайрылууда аталган мыйзамда атасынын атын өз атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча гана өзгөртүү каралганы айтылат. Юристтер бул энелерди аталардын жанында тең эмес абалга коёт, энелерди өз балдарына матроним үчун өз аттарын берүү укуктарын чектейт, анткени ата-энелер өз балдарына карата бирдей укуктарга ээ жана бирдей милдеттерди аткарышат деп эсептешет.

«Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана ар бир адамга туулгандан таандык. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптыгы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Кыргызстанда эркектер менен аялдар бирдей укуктар менен эркиндиктерге жана аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ», — деп айтылат адвокаттардын кайрылуусунда.

Алар талаш жаратып жаткан ченемди Конституцияга каршы келет деп таанууну суранышууда.

Капалованын иши

Алтын Капалова балдарын жалгыз тарбиялап келет, биологиялык аталары көмөктөшпөйт. Алар алимент төлөшкөн эмес жана балдарды тарбиялоого аралашпайт.

Ал үч баласына өзүнүн фамилиясын, атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн 2021-жылдын январдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошкон.

Мамкаттоо кызматы матчествону жокко чыгаруу менен катар жазуучудан мамлекеттик алымды өндүрүп алууну да талап кылган. Ведомстводон Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген. Тагыраагы, балдарды төрөп, аларга тарбия берген эненин эмес, эркек туугандын гана атын колдонууга болот.

Матчество жокко чыгарылгандан кийин Капалова Фейсбуктагы барагына патриархалдык мамлекет, документке эненин атын киргизүү аракети кылмышка теңелип, конституциялык укуктары бузулганы тууралуу пост жазган.

Алтын Капалованын балдарына фамилиянын ордуна өз ысымын бергенине байланыштуу иш 2021-жылдын августунда башталган. Анда борбор калаанын Октябрь райондук соту жазуучунун балдарынын отчествосун матчествого алмаштыруу боюнча чечимди жокко чыгарган. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот да колдогон.