Кытай жакырчылыкты жоюуга Борбор Азия өлкөлөрүнө 3,72 миллиард доллар кайтарымсыз жардам берет

Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө кайтарымсыз негизде 3,72 миллиард доллар каржылык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге таянып Xinhuanet басылмасы жазды.

Си Цзиньпин илим жана технологиянын жардамы менен жакырчылыкты жоюу боюнча Борбор Азия өлкөлөрү менен план иштелип чыгарын билдирди. Ал эми Кытай каржылай турчу ишканалар жергиликтүү жумуш орундарын түзүүгө багытталат.

Ошондой эле Си Цзиньпин Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, коопсуздук жана аймактагы тынчтыкты сактоо максатында коргонуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

18-19-майда Кытайдын Сиань шаарында «Кытай — Борбор Азия» саммити өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышкан.

Агай дейре Борбор Азиядагы өлкө башчылар Путиндин чакыруусу менен 9-майда Москвада өткөн парадга чогулган.

Автору: Айжамал Бексултанова

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров менен Си Цзиньпин жолугушуунун жыйынтыгы менен эмнелерди макулдашышты?

Кытай Кыргызстандын артыкчылыктуу долбоорлоруна 42 млн доллар грант берет