Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзамга койгон колун чакыртып алды. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» журналисттерине билдирип, мыйзамдын «максатын башкача түшүнүп алганын» белгиледи.
«Алгач “эл аралык уюмдар бөлгөн акча кандайча сарпталып жатканы тууралуу отчёт талап кылынат” деп гана айтышкан болчу. Мисалы, ЛГБТга байланыштуу маселеде, ооба, мен аларды Глобалдык фонддон каржылоонун ачык болушун колдойм, себеби үч жылда бир жолу 29 миллион деген Кыргызстан үчүн чоң акча. Бул мыйзамдын максаты ошол экен деп ойлогом. Бирок баары андан да терең экен, мен көз карашыма каршы келет экен. Анын үстүнө мен аялга-жана балага зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катуулатуу мыйзамынын демилгечисимин. Ал уюмдардын жардамысыз мындай күрөштү жүргүзүү реалдуу эмес», — деди Лурова.
Дагы бир депутат Карим Ханжеза «Азаттыкка» эгер мыйзам долбооруна өзүнүн сунуштары киргизилбесе документтен колун артка чакыртып аларын билдирди.
«Баш тарткан жокмун, бирок сунуш киргизейин деген ниетим бар. Эгер менин сунуштарым өтпөсө, баш тартып коём. Азыркы редакцияга мен макул эмесмин», — деди эл өкүлү.
«Чет элдик тыңчы» жөнүндөгү чуулгандуу мыйзам долбоорунан колдорун биринчилерден болуп депутаттар Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Бактыбек Чойбеков артка чакыртып алган. Кийинчерээк юрист Таттыбүбү Эргешбаева депутаттар Таалайбек Сабиров, Таалайбек Сарыбашов жана Мейкинбек Абдалиев дагы мыйзам долбоорун колдоодон баш тартышканын билдирген.
Мындан тышкары, демилгечилердин курамынан депутат Шайлообек Атазов дагы чыкканын билдирген.
Бирок мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып албасын билдирген. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин профилдик комитети 27-июнда карамак, бирок документ бир нече күн ичинде белгисиз себептерден улам күн тартибинен алынганы белгилүү болду.
Чуулгандуу мыйзам долбоору
Майдын ортосунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга жана Жазык кодексине түзөтүүлөр коомдук талкууга чыгарылган. Мыйзам долбоорун парламенттин 30дан ашык депутаты демилгелеген.
Документке ылайык, Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн, ошондой эле коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдар жана алардын кызматкерлеринин тигил же бул бузуулары үчүн жоопкерчиликти күчөткөн ченемдерди киргизүүнү каалашат. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын дээрлик баары жабылган.
«Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна комментарий берип, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилеген. Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан.