Алимент төлөбөгөндөр эми кылмыш жоопкерчилигине тартылат — президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 9-июлда  «КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул өзгөртүүлөр Конституциялык соттун 2022-жылдын 28-декабрындагы балдардын укуктарын коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана алимент төлөбөгөндөр үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилөөнү талап кылган чечимин ишке ашырат.

Эми КР КЖКнын 178-беренеси
баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга алимент төлөөдөн качкандык үчүн соттун чечими менен жазык жопкерчилиги каралат деген кошумча квалификациялык белгилер менен толукталды.

Ошондой эле эмгек акыны жана кирешенин өлчөмүн жашыруу жана соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуу үчүн да жазык жоопкерчилиги каралат.

Өлкөдө балдар ата-энеси ажырашып же өнөктөштөр эки жолго түшкөндө көбүнчө аларды багып, кам көрө турган энеси менен калат. Ал эми аталар болсо алимент төлөбөй коюуну туура көрөт: алимент төлөбөгөн 10 кишинин тогузу — эркектер