Балыкчы — Корумду жолун салып жаткандар айлык берилбей жатканына нааразы. Министрликтин жообу

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Корумду жолун салууга катышканын айткан 80ге чукул киши сегиз айдан бери айлыгын ала албай жүрүшкөнүн айтып нааразы болушууда.

Аладын бири «Клоопко» кытайлык «Лонг Хай» деген ишкананын жумушчусу экенин белгилеп, компания жетекчилиги айлыктын кечеңдеп жатканын түшүндүрбөй, дагы деле создуктуруп жатканын билдирди.

«2023-жылдын декабрынан бери айлык ала албай жүрөбүз. Иштегенибиз —  70-80 киши. Ар бири менен келишим түзүлгөн. Компаниянын жетекчиси чогулган сайын чыкырсак качып келбей жатат. Же кытайча билбейбиз, котормочуларына чалсак албайт. Булар бизди байкуш кылып койду. Милиция, УКМКга чейин барып келдик. Эч кандай чара көрбөй жатат», — деди ал.

Ошондой эле азыркы тапта жумушчулар айлык ала албаганы үчүн ишкананын заводун токтотуп, өздөрү убактылуу иш таштаганын белгиледи.

Балыкчы — Корумду жолун салууга катышканын айткан жумушчулар.

Ал эми президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасаган жумушчулар айлык маселесин чечип берүүнү өтүнүшүүдө.

«Мен беш айдан бери айлык ала элекмин. Сегиз айдан бери ала албай жүргөндөр бар. Мектепке, жол киреге дегенге эч кандай тыйын жок. Айлык жок, насыяларыбыз төгүлбөйт. Коркутуп, үркүтүшөт. Эмне айлы кылабыз?» — деди нааразы болгондордун бири.

Азырынча «Лонг Хай» компаниясынын жетекчилигине байланышууга мүмкүн болгон жок. Ишкананын котормочусу «Клоопко» жетекчиси менен байланышканда маалымат берүүнү убадалады.

Транспорт министрлиги эмне дейт?

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Лонг Хай» ишканасына жөнөткөн сурам каттын негизинде, компания финансылык кыйынчылыктан улам жумушчуларына айлык төлөй албай жатканын ырастады.

Министрликтин Жол чарба департаменти буга чейин ишкананын жетекчилиги менен бир нече жолугушуу өткөрүп, жумушчулардын айлыгын 8-октябрда төлөп берүүнү убадалашканын белгиледи. 

«2024-жылдын 8-октябрында Кытайдан акча которулары менен “Лонг Хайдын” жетекчилиги кызматкерлердин айлыгын толугу менен төлөп берерин билдирген. Мындай мөөнөттүн келип чыгуу себеби, Кытайта учурда мамлекеттик майрамдар өтүп, банктар иштебей турат экен», — дешти министрликтен.

Ошондой эле Жол чарба департаментинен ишкана мамлекет «которгон каражат боюнча аткарылган иштердин отчётторун тапшыра албай, учурда карыз болуп турат» деп кошумчалашты.

Балыкчы — Корумду унаа жолунун узундугу 104 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы наркы 6 миллиард 800 миллион сомго бааланган. Жол салуу иштери 2015-жылы башталып, ошондон бери бүтпөй келет.

Алгач долбоор боюнча тендер мыйзамсыз өткөнү тууралуу сындар айтылып, кийин жол курууда 1 миллиард 98 миллион сом максатсыз пайдаланганы аныкталган. Ал эми жумушчулар айлыгын ала албай калган учурлар мурда да бир нече жолу катталган.