Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаев 25-ноябрда УТРК телеканалына берген маегинде совет мезгилинде курулган Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдү бузуу пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, учурда шаарда курулуш үчүн жер тилкелери жетишпейт. Эгер Бишкектеги сталинка жана хрущевка сериясындагы үйлөрдү бузса, алардын ордуна көп кишиге ылайыкташкан жаңы үйлөрдү курууга болот, деп эсептейт Орунтаев.
«Жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзгөн 500 батир көп гектарды ээлеп турат. Ошол эле жерге жаңы технологиялардын жардамы жана заманбап талаптарды эске алуу менен 100 миң чарчы метрге чейин аянтты курууга болот»,
— деди ал.
Мамлекеттик каналдын маалыматына ылайык, мындай реновация үчүн атайын мыйзам долбоору иштелип чыгат.
Орунтаевдин айтымында, азыр курулуш тармагында коррупция азайып, турак үйлөрдү курууга көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Ал курулуштун өсүү тездиги боюнча Кыргызстан «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турарын» кошумчалады.
Орунтаев бүгүнкү басма сөз жыйынында Курулуш агенттиги инвестиция тартып же мамлекеттик бюджеттин эсебинен үйлөрдү курууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Реновация программасы боюнча жер тилкесин сатып алууну каалаган инвестор аны базар баасында алуу үчүн алгач тиешелүү органдарга кайрылышы керек болот. Андан кийин үйдүн жашоочулары менен өз алдынча макулдашат.