ЖМК: Токмок шаардык кеңешине парламент депутатынын төрт тууганы өттү

Exclusive басылмасы Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин 17-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен Токмок шаардык кеңешине өткөн туугандары жөнүндө материал даярдаган.

Басылманын маалыматына ылайык, мандатты Саккараевдин жубайы Назгүл Мааткеримова, кызы Жанара Саккараева жана кудасы Тынайбек Сансызбаев алды. Алардын баары тең «Эл биримдиги» партиясынан шайланган.

Саккараевдин шаардык кеңешке өткөн төртүнчү тууганы — жээни Анарбек Маликов — шайлоого «Ынтымак» партиясынан аттанган.

Exclusive'дин маалыматына ылайык, Саккараевдин төрт тууганы 2021-жылы да жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жеңишке жеткен. Анда алардын арасында Анарбек Маликов менен шаардык кеңештин төрагалыгына шайланган Тынайбек Сансызбаев болгон.

Медербек Саккараев Токмок шаарында туулуп-өскөн. 2012-жылы өз шаарында депутат болгон. 2021-жылы Саккараев Чүй-Кемин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын курамында.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү (33 шаардык жана 231 айылдык) кеңештердин депутаттары шайланган.