Укук коргоочу: Адвокат Самат Матцаков кармалды

УКМК журналисттердин жана акын Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду кармады. Бул тууралуу «Клоопко» укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Буга чейин ал соцтүйүндөргө эртең менен адвокаттарга жолугушу керек болгонун, бирок алар УКМКга чакырылгандыктан, жолуга албаганын жазган.

«Саат 12де чалышалы дегенбиз — анан алардын бири кармалганын уктум. Азыр тинтүү жүрүүдө. Эмне болуп жатат? Кармалган адвокат журналисттерди жана акын Аскат Жетигенди коргоп жаткан»,
деп жазды ал Фейсбук барагына.

Анын бул билдирүүсүнө комментарий калтырган дагы бир укук коргоочу Рита Карасартова Матцаков ТИЗО-1де кыйноого кабылганын айткан ишкер Имамидин Ташовдун да адвокаты экенин жазды.

Самат Матцаков ошондой эле Temirov Live жана Айт Айт Десе долбоорлорунун азыркы жана мурдагы кызматкерлери Махабат Тажибек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Айке Бейшекееванын жана Актилек Капаровдун да адвокаты.

УКМК азырынча Матцаковдун кармалганы тууралуу маалымат боюнча комментарий бере элек.