ЖМК: Салык кызматынын башчысы УКМКда сурак берүүдө

Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлашты.

Күн мурун УКМК Салык кызматынын башчысынын орун басары Исламбек Кыдыргычевди кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Басылмалардын маалыматына ылайык, ошол эле күнү мекеме башчысынын дагы бир орун басары — Бекболот Алиев да суракка чакырылып, андан соң кое берилген.

Азырынча УКМК Салык кызматынын жетекчилеринин суракка алынышы боюнча комментарий бере элек.

Бир нече күн мурда УКМК кызматкерлери Салык кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Андан соң башкармалыктардын төрт жетекчиси жана бир катар кызматкерлери суракка жеткирилген. Кийинчерээк атайын кызматтан башкармалык жетекчилери акциздик товарларды алып келүүдөгү мыйзам бузууларды жашырууга шектелип жатканын билдирген.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин 5-декабрдагы жыйынында салыкчылар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга байланышкан коррупцялык схема түзүшкөнүн билдирген. Анын айтымында, мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгым 3,2 млрд сомду түзгөн.