17-декабрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети милиция кызматкерлерин сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.
Документте укук коргоо кызматкерлеринин «кадырын кетирген» сүрөт жана видеолорду соцтүйүндөрдө тараткандарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салуу же беш суткадан жети суткага чейин камакка алуу сунушталууда.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев «видео милиция кызматкеринин кадырын кетирүү максатында тартылганы кантип аныкталарын» сурады. Анын айтымында, мыйзам кабыл алына элек болсо да, айрым кызматкерлер азыртадан эле жарандарга видеого тартууга болбой турганын айтып жатышат.
Документтин демилгечиси Сүйүнбек Өмүрзаков кеп сүрөттөр менен видеолорду монтаждап, окуянын маанисин бурмалаган учурлар жөнүндө болуп жатканын билдирди.
«Эгер милиция кызматкери иш учурунда мыйзамга каршы келген аракеттерге барып жаткан болсо, анда аны ар бир жаран, активист жана блогер видеого тартууга укуктуу. Эч кандай тоскоолдук жок»,— деди ал.
Бекешев ИИМ жарандардын макулдугун албастан эле шаардын көчөлөрүнө адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотконун белгилеп, кыргызстандыктар да милиционерлерди кызмат учурунда видеого тартууга толук укуктуу экенин кошумчалады.
«Дастан Бекешев, мен сизди жакшы юрист деп эсептеп жүргөм, бирок сиз кайрадан юридикалык факультетте окушуңуз керек окшойт»,— деп жооп берди Өмүрзаков.
Өз кезегинде депутат Айсулуу Мамашова видео монтаждалганын жана укук коргоо кызматкеринин кадырын кетирип жатканын ким аныктай турганын сурады. Өмүрзаков андай материалдар экспертизадан өтөрүн айтты.
Мыйзам долбоорун ички иштер министринин мурдагы орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков башында турган депутаттар тобу демилгелеген. Алардын пикиринде, «иш учурунда укук коргоо кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү, алардын кадырын кетирүү максатында сүрөткө жана видеого тартып, аны интернет-сайттарга жарыялоо, ошондой эле милиционерлерде коомчулуктун алдында басынтуу учурлары байкалууда». Алар мындай аракеттер «милиция кызматкерлеринин гана кадырын кетирбестен, жалпы эле мамлекеттин беделине олуттуу зыян келтирүүдө» деп эсептешет.
Демилгечилер мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Анда бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөткөндөргө 50 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же бештен жети жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун сынчылары анын кабыл алынышына каршы болууда. Алардын пикиринде, документ «коркунучтуу кесепеттерге» алып келиши мүмкүн.