Тышкы иштер министрлиги Түркияда математика боюнча олимпиадада окуучуларды коштоп барган кыргызстандык мугалим кармалганын ырастады.
«Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кармалган кыргызстандык жарандын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат», — деп айтылат маалыматта.
Башкы консулдук Түркиянын органдары менен байланышта экенин, кармоо жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин ЖМКлар «Маариф» (мурдагы «Сапат») фондунун мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга окуучуларды олимпиадага коштоп баргандан кийин дайынсыз болгонун жазышкан.
Азамат Нурмат уулунун жакындары анын 20-апрелде Анталияга алты окуучусун алып бара жатып, Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери тарабынан кармалып, ошондон бери дайынсыз экенин «Азаттыкка» билдиришкен.
Министрлер кабинети 2024-жылы 31-декабрда «Сапатты» «Маариф» фондуна өткөрүп берүүнү чечкен. Мекемеден бул чечим окуучулардын кызыкчылыктарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделгенин белгилешкен.
Эртеси «Сапаттын» жетекчилиги кыргыз бийлигинин бул чечими күтүүсүз болгонун билдирген. Ошол эле учурда алар бардык «юридикалык жана укуктук» нормалар сакталат деп үмүт артарын айтышкан.
Түрк бийлиги «Сапатты» 2016-жылы Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинин уюштуруучусу деп эсептелген оппозициялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланыштырып келген. Гүлен өзү төңкөрүшкө тийиштүү айыптоолорду четке каккан.
2016-жылы Түркия Кыргызстандан 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» лицейлерин жабууну талап кылган. Бирок анда кыргыз бийлиги мындай сунуштан баш тарткан.