Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-апрелде жалданмачылык иши боюнча кармалгандардын экөөнүн бөгөт чарасын өзгөрттү.
Соттон «Клоопко» билдиришкендей, УКМК тергөөчүлөрүнүн берген арызынын негизинде С.Н.В (Оштогу «Орус үйүнүн» кызматкери Наталья Секерина) жана С.В.Т. аттуу жаран үй камагына чыгарылды.
УКМК Секеринаны жалданмачылыкка азгыруу иши боюнча 23-апрелде кармаган. Бул иштин алкагында аны менен бирге дагы үч киши кармалган. Алардын бири Ош мэриясынын басма сөз кызматкери Сергей Лапушкин, экинчиси орусиялык саясий технолог Виктор Васильев болгон.
Кармалгандардын баары тең 17-июнга чейин камакка алынган. Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, алар Украинадагы согушка жарандарды азгырган деп шектелүүдө.
25-апрелде ЖМКлар УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолуккандан кийин жалданмачылыкка шектелип кармалгандар үй камагына чыгарылганын кабарлашкан. Ошол эле маалда алардын кимиси бошотулганы так айтылган эмес.