Теңгиз Бөлтүрүк: Жапаровдор «Кумтөрдөн» 630 миллион доллар уурдашкан

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаров жана минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров алтын кен өндүргөн ишкананын банктагы эсебинен 630 миллион долларга жакын каражат чыгарып кеткенин айтып чыкты.

«Сиз [президент Садыра Жапаров] Акылбек экөөңөр [Жапаров] Центерранын жетекчилиги менен ич ара сүйлөшүп алып, мени кызматка дайындоонун алдында, «Кумтөрдүн» эсебинен 630 миллион долларды уурдап алгансыңар. Мен келгенде эсепте болгону 46 миң долларга жакын акча бар болчу», — дейт Бөлтүрүк, фейсбукка жарыялаган видеосунда.

Ал эми журналист жана активисттер менен өткөргөн видеоконференцияда болсо, бул маселеге кененирээк токтолгон. Анда алгач «Кумтөрдөн» 420 миллион доллар жоголгонун, кийин Бөлтүрүк дагы 210 миллиондун изи сууганын аныктаганын айтат.

420 миллион долларлык «ката»

Бөлтүрүктүн айтымында, ал «Кумтөр» ишканасы 420 миллион доллардан кол жууган «ката» жөнүндө уккан кезде президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп, «Кыргызалтынды» жана өлкөнүн бүткүл тоо-кен тармагын көзөмөлдөп турган.

Акылбек Жапаров. Сүрөт: Минкаб

Бөлтүрүк ошол кездеги минкаб төрагасы Акылбек Жапаров аны «Кыргызалтындын» кеңсесине чакырганын, барганда аны ишкананын жаңы президенти Марат Чолпонкулов экөө күтүп алганын айтат. Чолпонкулов андан тышкары «Кумтөр Голд Компанинин» директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Ошол жерден Бөлтүрүккө «Кумтөр Голд Компанинин» директорлор кеңешинин «Центерра Голддун» эсебине 2019-2020-жылдар үчүн дивиденд — 420 миллион доллард которуу тууралуу чечимин көрсөтүшкөн.

Марат Чолпонкулов

Бөлтүрүктүн айтымында, Чолпонкулов директорлор кеңешинин бул чечимине анын көз алдында кол коюп, аталган документтеги акыркы кол тамганы түшүргөн. Документ күчүнө кириш үчүн үч киши кол коюшу керек болчу. Калган эки кол — «Центерра Голддун» президенти Скотт Перри менен «анын финансы иштери боюнча вице-президентинин» колу документке мурда коюлган.

Скотт Перри

Бөлтүрүк «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансы боюнча вице-президенти Жон Сьютерди айтып жатышы мүмкүн. 2021-жылы күзүндө УКМК 200 миллион долларды кымырып алуу боюнча иштен улам «Центерра Голд» жана «Кумтөрдүн» топ-менеджерлери менен кошо Сьютерге дагы издөө жарыялаган. Перри менен Чолпонкулов бул кылмыш ишинде фигурант болгон эмес.

«Марат кол койбосо ал акча кетмек эмес. Ички эрежелерди бузушкан», — дейт Бөлтүрүк. «Акылбек болсо менин текшергенсип карап, айтып жатат: “Бул жерде ушундай ката кетип калыптыр. Марат кол коюп салыптыр, эми бул акча кетти тигилерге”».

Теңгиз Бөлтүрүктүн айтымында, «Центерра Голд» дивиденд катары «Кумтөрдөн» жылына 25%дан ашык алууга акысы жок, бирок ошондо эки жыл үчүн 100% берилип кеткен.

Бөлтүрүк Акылбек Жапаров бул «катаны» президентке айтпа деп суранганын баса белгилейт.

Садыр Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. Сүрөт: Президенттин сайтынан

Бирок кийин акыры президентке айтышка туура келген, бирок анын айтымында Садыр Жапаров эч кандай реакция кылган эмес.

«Унчукпай койду такыр, былк эткен да жок, бул деген чоң иш да», — дейт Бөлтүрүк.

А бирок Теңгиз Бөлтүрүк Чолпонкулов кол койгон директорлор кеңешинин ошол чечиминин көчүрмөсүн журналисттерге көрсөтө алган жок.

«Ал документ азыр менде жок, көчүрмөсү “Кыргызалтында”, мамлекетте болушу керек. Директорлор кеңешинин ал чечими марттын аягында — апрелдин башында кабыл алынган», — дейт ал.

Сырдуу жагдайда дагы 210 миллион доллар жоголгон

2021-жылы май айында Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу болуп дайындалган. Анын эсеби боюнча, Чолпонкуловдун «катасынан» кийин «Кумтөрдүн» эсебинде жүгүртүүчү капитал катары дагы 210 миллион долларга жакын, 5-6 ай иштөөгө жете турган акча калышы керек болчу.

Бирок «Кумтөрдүн» эсебинде андай сумма болгон эмес. Бөлтүрүктүн айтымында, мындай шартта ишкананын ишин улантуу да кыйынга турмак.
«Мен 17-майда келдим, 18-майда банктан маалымдама алып келишти. “Кумтөрдүн” эсебинде болгону 46 миң доллар калыптыр. Баарын тазалап кетишиптир», — деп эскерет ал күндөрдү.

Президент Жапаровдун кандай тиешеси бар?

Бөлтүрүктүн президент Жапаров минкаб төрагасы менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан, балким «Кумтөрдөн» чыгарылып кеткен акчадан үлүш да алган болушу мүмкүн деп шек санайт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Анын айтымында, «Кумтөрдү» Кыргызстанга алуу боюнча Женевага жөнөр алдында, президенттин иш бөлмөсүнө чогулушкан. Ага Жапаров менен Бөлтүрүктөн тышкары ошол кездеги минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, андагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев болгон.

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу катары чогулгандарга «Центерра Голддун» эсептеринде болжол менен миллиард доллар акча бар экенин айтып, Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыяндарга кенемте катары талап кылууну сунуштаган.

«Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров мага каршы чыгышты: “Жок, керек эмес, акча сурабагыла. Башкысы — “Кумтөрдү” алыш керек, деди. Эки Жапаров тең каршы болушкан:“Керек эмес, эчтеке сурабагыла. Сиз таптакыр сүйлөбөңүз. Делегацияны Акылбек Жапаров жетектейт», — дешкенин эскерет Бөлтүрүк.

Ошондо гана Теңгиз Бөлтүрүк эки Жапаровдун ортосунда макулдашуу болгонун болжолдой баштаган.

«Мен түшүнө албай, булар чындап эле “Центерра” менен сүйлөшүп бирдеме жегенби деп чочуп кеттим. [...] Ошондо бул акчанын көптүгүнөн эмес да? Жыргаганыбыздан эмес го? Бюджетте болсо акча жок», — дейт ал.

Бөлтүрүк ошол сүйлөшүүдө Ташиев менен Зулушев аны колдогонун баса белгилейт. Бирок делегацияны Акылбек Жапаров жетектеп барып, «Центеррадан» эч ким акча талап кылган эмес. Ал азыр Ташиев менен Зулушевди дагы эл алдында «чындыкты айткыла» деп чакырып кеткен.

«Ошентип Женевага сүйлөшүүгө кеттик. Сүйлөшүү башталганда Акылбек менен Скотт Перри көзмө-көз сүйлөшөбүз деп айтышты. Ошондо баары сүйлөшүлгөн окшойт. Мен аны билбейм, балким экология боюнча өзүнчө сөз болгондур, акчаны кантип чыгарып кетебиз деп, же дагы башкача», — дейт Бөлтүрүк.

Анын айтымында, кийин «Кумтөрдү» өткөрүп берүү боюнча «Центерра Голд» менен сүйлөшүүдө жашыруун тиркемелер пайда болгон. Бөлтүрүк жашыруун документтер менен таанышкан эмес, азыр эми жашыруун сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгаруу талабы менен Башкы прокуратурага кайрылууга ниеттенип жатканын айтат.