
Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы 29-сентябрда активист Мавлян Аскарбековду этностор аралык кастыкты козутууга күнөөлүү деп таап, эки жылга жалпы тартиптеги колонияга кести. Прокурор аны төрт жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.
24.kg басылмасынын маалыматына караганда, Аскарбековго козголгон кылмыш иши анын фейсбукка Кыргызстанда иштеген Кытай жарандары тууралуу жазган постуна байланышкан.
Кармалганга чейин Аскарбеков видео жарыялаган. Анда кытай жарандарына өлкөдөгү чакан жана орто бизнеске кирүүгө мүмкүнчүлүк берилип, ал арада кыргызстандыктар жумуш орундарынан куру калып жатат деген таризде сүйлөгөн. Ал минкаб төрагасына телевидениеге барып дебат өткөрүп, бул теманы талкуулоого чакырган.
Бул окуядан кийин бийликчил пабликтер менен боттор жапырт видео таратып, Аскарбековду дезинформацияга айыптай башташкан.
Мавлян Аскарбеков кармалганы тууралуу 12-июндун кечинде белгилүү болгон, анын эртеси күнү сот аны УКМКнын ТИЗОсуна киргизген.
«Мавлян Аскарбеков жазган постко соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн», — деп «Азаттыкка» 13-июнда анын адвокаты Эрик Ирискулбеков.
Бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот отурумунда Аскарбеков өзү «кичинекей балдары менен үйдө отурганда онго жакын УКМК кызматкери келип, эч кандай расмий документтерди көрсөтпөстөн алып кетишкенин» айтып берген.
Мавлян Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Анын жактоочусу Аскарбековдун этностор аралык кастыкты козутуу максаты болбогонун, ал болгону өлкөдө болуп жаткан окуяларга жеке пикирин билдиргенин айтты.
Кармалган күнү Аскарбеков фейсбуктагы барагына анын дарегине чагымчыл материалдар таркатылып, «эл душманы» катары көрсөтүү аракети болуп жатканын жазган.
Мавлян Аскарбековдун айтымына караганда, 7-июнда эле анын үйүнө УКМКнын үч кызматкери келип маектешип, жашыруун видеого тартып кетишкен. Ал ошол видеолорду монтаждап, анын дескредитациялоого колдонушканын айтат.
«Премьер министрге кайрылып, Кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө үч УКМК кызматкерлери келип мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап азыр чыгарып жатышат», — деп жазган ал.





