Видео: «Гелендваген» менен «Лексус» сүзүштү

Жаш гвардия гүлбагы менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде «Мерседес Бенц Гелендваген» үлгүсүндөгү унаа менен «Лексус» сүзүшкөн.

«Гелендвагендин» айдоочусу май куйуучу жайга кайрылып жатып Лев Толстой көчөсү менен батыш тараптан келе жаткан «Лексусту» байкабай калган. Кагылышуудан кийин «Лексустун» айдоочусу май куйуучу жайдын жарнак тактасына барып сүзүлгөн. Видео тартылган маалда «Гелендвагенди» эвакуатор менен алып кетип калышкан.