Бишкектин борборунда белгисиз айдоочу унаасынын капотуна жармашкан Жол кайгуул кызматынын инспекторун бир нече жүз метрге чейин сүйрөп барып таштаган. Жабыр тарткандар жок, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Zanoza.kg жаңылыктар порталы шаардык ИИББсине шилтеме жасап билдиргендей, окуя инспектор алдыңкы капталдагы айнектери караңгылатылган БМВ үлгүсүндөгү унааны токтоткондон кийин болгон.
«Айдоочу документтерин жана айнектерин караңгылатууга берилген уруксат кагазын көрсөтүү талабына көңүл бурбастан, ЖКК кызматкерин сүзүп, анын андан да оорураак жаракат албоо үчүн унаанын капотуна жармашып алганына карабастан өз жолун уланткан», — деп жазды басылма.
Окуяга көчөдөгү көптөгөн жарандар күбө болушкан. Алардын айрымдары ал көрүнүштү видеого тартып алууга үгүрүшкөн.
Айдоочу ЖКК инспекторун Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине келгенде түшүрүп, жашырынып кетип калган.
ЖККнын басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге учурда БМВнын айдоочусун издөө иштери жүрүп жатканын айтты.
Бул айдоочулар милиция өкүлдөрүнүн унаасынын капотуна жармашканына карабастан шаар аралап айдаган алгачкы учур эмес. 2014-жылдын февралында да ушуга окшогон окуя болгон. Анда «Мицубиси» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу документтерин талап кылган милиционерди копотуна жаткырган бойдон айдап кеткен.