Бийчи Атай Өмүрзаков менен «Тумар» бий тобу популярдуу «Британия таланттарды издейт-2016» телесынагынын финалына өтө алышкан жок. Бирок алар көрүүчүлөрдүн добуш берүүлөрүнүн жыйынтыгы менен шоуго кайтып келүүлөрү мүмкүн.

25-майда кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков менен анын «Тумар» тобу «Британия таланттарды издейт-2016» популядуу телесынагынын жарым финалында үчүнчү орунга ээ болушту.

Өмүрзаков менен «Тумар» калыстарга «Монстр Франкенштейндин» эксперименталдуу номурун көрсөтүштү.

Жарым финал төрт бөлүктөн турду жана анда экиден катышуучу финалга өтүштү. Бирок Кыргызстандан барган бийчилерде 26-май күнү кечинде аяктай турган көрүүчүлөрдүн добуштарынын негизинде финалга өтүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

«Британия таланттарды издейт-2016» теле-шоусу 2007-жылдан бери ITV телеканалы тарабынан көрсөтүлүп келет. Сынактын шарттары боюнча, анын катышуучулары таланттарын көрсөтүү менен өз ара жарышка түшүшөт.

Атай Өмүрзаков ‒ орусиялык «Минута славы» теледолбооруна катышып, экинчи орун алгандан кийин атактуулукка жеткен кыргыз бийчиси.

2011-жылы ал «Тумар» бий тобун түзүп, аны менен Парижде өткөн Du Cirque de dimain деген эл аралык фестивалдын коло медалын утуп алган.