Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча жетинчи отурум өткөрдү. Бул жолу укук коргоочу өзү көрсөтмө берди. Аскаров бийликти чатак чыгышы мүмкүн экенин эскерткенин, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтып берди. Ал милиция кызматкерин өлтүрүүдө күнөөсү бар экенин танып, тергөө маалында моюнга алган көрсөтмө алыш үчүн кыйноого алынганын билдирди.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишинин кайра каралышына арналган соттук отурум укук коргоочунун өзүнүн көрсөтмөсүнөн башталды.
Судья жыйындын катышуучулары стенограмма үчүн кыргыз тилинде сүйлөшүн өтүндү. Бирок кыргызча прокурорлор гана сүйлөп жатышты, соттолуучу жана анын адвокаттары орусча сүйлөштү.
Аскаров судьяларга орусча көрсөтмө берээрин, анткени кыргызча сүйлөгөндө өзбекче акцент менен сүйлөөрүн айтты.
Судья коргоочу тараптын өтүнүчүн канааттандырып, орусчадан кыргызчага которо турган котормочу табылсын деген шарт койду. Котормочу табылды, бирок жыйын маалында ал зарылчылыгы болбогондуктан бир да сөз которгон жок. Баары бирин бири ансыз деле түшүнүп жатышты.
Башаламандык коркунучу тууралуу билдирүүлөргө эч ким жооп берген эмес
Аскаров сотко бийликти жапырт мушташ жана баш аламандык тууралуу алдын ала эскерткенин билдирди.
«Мен Убактылуу өкмөттүн коргоо министри генерал Исмаил Исаков менен жолугушуп, Базар-Коргондо болуп жаткан нерселер тууралуу, эч ким чара көрбөй, эл баррикада куруп жатканы тууралуу айтып бердим. Ал мага бир нерсе болсо жаза турган факстын номерин берди. Башка эч кандай чара көрүлгөн жок», — деди ал.
Аскаровдун айтымында, окуялардын жакындап келатканы тууралуу Базар-Коргон районунун акими жана УКМКнын жергииликтүүбөлүмү билген, бирок алар да эч кандай чара көргөн эмес.
Аким мурдагы сот жыйындарында Аскаров аны чатак болушу мүмкүн экендиги тууралуу эскерткенин танган.
Кыйноо
Аскаров, мурдагы отурумдардагыдай эле, милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүдөгү өз күнөөсүн танып жатты. Аскаровдун айтымында, ал өлтүрулүп жатканда өз үйүндө болчу.
Укук коргоочу өзүнүн «Воздух» аттуу укук коргоочулук гезитинде ишмердүүлүгүн чагылдырган адамдар эми ага каршы көрсөтмө берип жатышат деп эсептейт. Анын айтымында, ал кыйноо ыкмаларын колдонгон милиция кызматкерлеринин бетин ачкан көп макалаларды жазган.
Аскаров тергөө маалында кылмышты моюнга алган көрсөтмө алш үчүн кандай кыйноого кабылганын толук айтып берди. Ал адвокат соттун алдында гана берилгенин айтты.
«Бир милиция кызматкери колумду тебелеп туруп: «Сенин макалаңдын айынан мен алты ай жумушсуз отургам» деди. Башка милиция кызматкери: «Аялы менен кызн алып келип көзүнчө зордуктагыла, бул баарына макул болот» деди. Бир топтору менин үйүмө жөнөдү. Бирок куру кол келишти. Аларды алып келишсе мен эмне кылмакмын, билбейм. Досторума ырахмат. Факты жүзүндө менин төрт кабыргамды сындырышты», — деди ал.
Укук коргоочунун айтымында, анын бөйрөгүн түшүрө чаап, көзүн чыгара чаба жаздашкан.
Прокурордун сурагы
Прокурор тактоочу суроолорду берип, жооптордон кынтык таап турду. Аскаров аларга жооп бергенге аракет кылганда, прокурор «баары түшүнүктүү» деп, укук коргоочунун сөзүн бөлүп жатты.
Прокурор укук коргоочу эмне үчүн мурда аны укук коргоочу органдардын кызматкерлери кыйнаганы тууралуу арызданбаганына такай кызыгып жатты.
«Сиз прокуратура жана башка укук коргоо органдарына эч кандай дооматыңыз жок экенин өз колуңуз менен жазып бергенсиз», — деди ал.
Аскаров жооп берүүгө аракет кылып жатканда прокурор анын сөзүн бөлүп «ток этээр жерин айтууну» талап кылып жатты.
«Алардын колунда темир тордун артында турганда, алар айт дегендин баарын айтасыңар», — деп жооп берди баары бир Аскаров.
Коргоочу тарап жыйын соңунда соттон: Убактылуу өкмөттүн мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду, 2010-жылы башкы прокурордун кызматын ээлеп турган Кубатбек Байболовду, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду жана укук коргоочу Назгүл Турдубекованы суракка алууну суранды.
Прокурорлор буга каршы чыгышты, анткени алардын пикиринде бул кишилер Аскаровдун ишине тиешеси жок.
Айыптоочу тараптын позициясына карабастан, сот коргоочу тараптын өтүнүчүн канааттандырды.
Мурдагы отурумдар
Сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча буга чейин алты отурум өткөргөн.
Биринчи отурумда сот киши колдуу болгон Сулаймановдун жесиринин жана күбө болгон милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн укту. Алты күбөнүн үчөө Сулайманов курман болгондо Аскаров көпүрөдө болгон-болбогонун эстей албаганын айтышты.
Калган үч милиция кызматкери Аскаровду нааразылык акциясынын арасында көрүшкөнүн айтышты, бирок анын кебетеси кандай болгонун жана ал күнү эмне кылганын сүрөттөп бере алышкан жок. Алар анын «кыргыздарды өлтүрүүгө» үндөп жүргөнүн айтышты, бирок окуя кандай болгонун так айта алышкан жок, анткени 30 метрден 150 метрге чейинки аралыкта турушкан.
Аскаров милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсүн калп деп билдирди. Анын айтымында, ал укук коргоочу болуп иштеп жүргөндө алардын мыйзам бузган иштерин иликтеген жана күбө катары өтүп жаткан милиция кызматкерлеринин бирөөнө каршы кылмыш иши козголгон.
Сот экинчи отурумда алты күбөнүн — Базар-Коргондун акиминин, Базар-Коргондун прокурорунун, Улуттук коопсуздук кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысынын жана УКМКнын эки кызматкеринин — көрсөтмөлөрүн укту. Ошондой эле Аскаров кармалгандан кийин аны менен кошо УКИде кошо отурган камералашы да көрсөтмө берди.
Прокурор көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айтты. Өз көрсөтмөлөрүндө ал укук коргоочуну кимдир-бирөөлөр кыйнаганы тууралуу маалыматты четке какты.
Аким жана УКМК өкүлдөрү Аскаровду көргөнүн айтышты, бирок ал ошол жакта эмне кылып жүргөнүн сүрөттөп бере алышкан жок. Аскаровдун камералашы камерада Аскаровду сабап салганын айтты.
Аскаров болсо анын көпүрөдө болгону тууралуу көрсөтмөлөр калп экенин айтты.
Үчүнчү отурумда сот айыптоочу тараптын эки күбөсү — 2010-жылы Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган Жамиля Туражанованын жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп турган Орозбек Бердибаевдин — көрсөтмөлөрүн укту.
Туражанова Мыктыбек Сулаймановдун денеси кантип табылганын жана Азимжан Аскаровдун кармалышы менен сурагы кандай өткөнүн айтып берди.
Коргоочу тарап Аскаровдун укуктары бузулганын, ага адвокат өз убагында берилбегенин далилдеш үчүн анын качан камакка алынганын билгенге аракет кылды.
Аскаров ошондой эле аны кыйноого алышканы тууралуу көрсөтмө берди, бирок коргоочу тараптын күбөлөрү анын айтканын четке кагышты.
Төртүнчү отурумда Аскаров менен кошо соттолгон камактагылар суракка алынып, өмүрүнө коркунуч келип жаткандыктан «көрсөтмө берүүдөн коркуп жатышканын» сотко айтышты. Алар ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан кыйноо болгонун айтып арызданышты.
Күбөлөрдүн баары башаламандык болгон күнү көпүрөдө болушпаганын жана ал жактан Аскаровду көрүшпөгөнүн айтышты.
Бешинчи отурумда коргоочу тараптын бардык күбөлөрү — Аскаровдун кошуналары жана туугандыгы бар аял — жергиликтүү тургундар көпүрөдө кагылышып жатканда жана милиция кызматкери өлтүрүлүп жаткан маалда аны «үйдүн жанынан көрүшкөнүн» айтышты. Алар 2010-жылы көрсөтмө бергиси келишкен эмес, анткени аларга «кысым көрсөтүлгөн».
Алтынчы отурумда сот укук коргоо органдарынын эки өкүлүн жана укук коргоочу Азиза Абдирасулованы суракка алды. Аскаровдун иши боюнча тергөө тобунун жетекчиси кыйноо колдонулбаганын жана «баары мыйзамдуу болгонун» айтып жатты, укук коргоочу болсо Аскаров кыйноого алынганын айтты.
Аскаров өзү ким?
Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.
Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.
Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.
Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.
Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».
Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашкан.