«Өнүгүү-Прогресстин» башчысы Бакыт Төрөбаев парламентте анын фракциясы өлкөнүн ЕАЭБге киришине нааразылыктан улам өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылаарын билдирди.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кириши боюнча өкмөттүн ишине нааразы.
«Биздин фракция өкмөттү кызматтан кетирмек болду. Ошого байланыштуу биз өкмөттүн иши боюнча маалымат беришин талап кылабыз», — деди Төрөбаев.
«Өнүгүү-Прогресстен» тышкары, оппозициячыл «Ата-Мекен» фракциясы да өкмөттүн ишине нааразы экенин билдирген.
Парламенттик оппозиция Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин жыйынтыктары тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун маалыматын 2-февралда уккан соң нааразылыгын ачыкка чыгара баштаган.
Жээнбеков биримдикке киргенден тартып өлкөдө 2016-жылы өндүрүм экспорту 8,1 пайызга, импорт болсо 18,5 пайызга азайганын айткан.
Өкмөткө ишеним көрсөтпөө вотумун билдириш үчүн аны кызматтан кетирүүнү колдоп 120 депутаттын ичинен 40 депутат — баарынын үчтөн бири добуш бериши керек.
«Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» бириккенде азырынча 24 мандаты бар. Депутаттар министрлер кабинетин кызматтан кетириши үчүн аларга жок эле дегенде 16 депутаты бар дагы бир фракция кошулушу керек.
«Республика — Ата-Журт» да өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин карап жатканын билдирген, бирок ал вотумду колдоор-колдобосу белгисиз.
ТЕМА БОЮНЧА:
- «Өнүгүү-Прогресс» зордукчуларды өлүм жазасына тартуучу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгат
- Бакыт Төрөбаев президенттик кызмат үчүн ат салышат
- «Көлөкө өкмөт» бийликке атаандашат