Баткен облусунун Кадамжай шаарында бензин ташуучу автоунаанын айынан эки киши курман болду. Автоунаанын тормозу иштебей калып, адегенде бир аялды өлтүрө сүзүп, андан кийин «Тикого» урунуп, анын айдоочусу да мерт болду.
Кырсык 24-февралда Баткен облусунун Кадамжай шаарында Ош-Баткен-Исфана жолунун 126-чакырымында болду.
ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, бензин ташуучу автоунаа адегенде жөө жүргүнчүлөрдүн жолунда кетип бараткан аялды койдуруп кетип, ал жан берген. Андан кийин «Дэу Тико» жеңил автоунаасы менен сүзүшүп, анын айдоочусу да мерт болгон.
Баштапкы маалыматтар боюнча, жол кырсыгына бензин ташуучу автоунаанын айдоочусу күнөөлүү. Анткени анын автоунаасынын тормозу иштебей калган.
Бул февраль айында жолдун ушул эле бөлүгүндө бензин ташуучу автоунаа катышкан экинчи кырсык. Февралдын башында да бензин ташуучу автоунааны айдоочусу башкара албай калып, курулуп жаткан үйдү сүзүп талкалаган.
Автоунаанын ичиндеги үч киши жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Сүрөт: Бишкек-Торугарт жолунда үч машина кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар
- Кыргызстандагы Орусия элчилигинин автоунаасы урунган жол кырсыгы. Эң маанилүүсү
- Бишкек: Эки «Лексустун» кагылышуусунан башка автоунаанын жүргүнчүлөрү жабыркады