Видео: Бишкекте түшмөк оңдоло баштады, бирок убактылуу жөө кыя жок

Бишкектин жетекчилиги Филармониянын жанындагы түшмөктү жаап салды, анткени ал жакта оңдоо иштери жүрүп жатат. Бирок муниципалитет борбордук Чүй жана Манас проспекттеринин кесилишинде түшмөк караштырган эмес. Жүргүнчүлөр өмүрүн тобокелге салып жолдон өтүп жатышат.

Тыгын маалында Бишкекте Филармониянын жанында шаардыктар так эле автоунаалардын маңдайында топ-топ болуп жолдон чуркап өтүшөт.

Чүй проспекти менен Манас проспектинин кесилишинде «ала чыйыр» каралган эмес, анткени адатта жөө кишилер түшмөк аркылуу өтүшөт.

Бирок мэрия түшмөктөрдү жаап салып, бул жерден адамдар өмүрүнө коркунуч келтирип жолдон өтүшөөрүн эске алган жок.

Өтмөктү жаап турган такталар менен кашааларда шаар жетекчилиги ал жерди айланып өтө турган схемалары бар баннерлерди илип коюшкан, бирок алардын түшүндүрмөсү жок.

Нина Винокурова сыяктуу тыштан келгендер үчүн бул кыймыл схемалары түшүнүксүз.

«Мен өткүчөктү автоунаанын алдында кала жаздадым. Мен жергиликтүү эмесмин, мени кичинекей баладай кылып жолдон жетелеп өтүш керек. Мындай кылган болбойт», — деди ал.

Жакын жерде эки ири университет — Кыргызстандын эл аралык университети жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети бар.

Мындан тышкары, ушул эле райондо Бишкек мэриясынын өзү жана Улуттук филармония жайгашкан. Ошондуктан көчөдөн өтө турган жөө жургүнчүлөр өтө көп.

Студент Айзирек Пландинова бийлик адамдары ойлоп койбогонуна нааразы.

«Көпүрө салып коюшса болот беле? Жолдон өткөн анча ыңгайлуу эмес. Жөө кыя бар, бирок ал алыс, бул жерде болсо машинелер тынбай өтүп турат», — деди ал.

Бишкектик Гүлгина Кадырова Kloop.kgге өтмөктүн жабылганын бүгүн эле билгенин айтты. Ал көчөдөн коопсуз өтүш үчүн атайын бир кварталды айланып өткөн, бирок бөгөткө туш келген.

«Бул жерде ансыз деле түзүгүрөөк жөө кыя жок, анысы аз келгенсип жаап да салышыптыр. Бул жердин баары эки катар, жолдон өткөн кооптуу. Мен ушунча коркуп атсам балдар кантип өтөт билбейм», — деди ал.

Таксист Темирлан Айзиреков Kloop.kgге айтканына караганда, 19-майда түшмөк жабылгандан бери жолдордо автоунаалар адамдарды сүзүп кете жаздаган учурларды көп кездештирген.

«Адамдар санааркабай жолдон өтүшү үчүн жөө кыя жасап коюш керек болчу! Эл түз эле автоунаа өткөн жерден өтүп жатат. Эки кыз аз жерден машиненин алдында кала жаздады», — деди ал.

Коопсуздук үчүн Кайгуул милициясы жооп берет

Бишкек мэриясы эчак эле түшмөктөрдү кайра курууну пландап, ал үчүн 70 миллион сом бөлүп койгон. Кайра куруунун долбооруна түшмөктөрдү майыптар үчүн пандустар менен жабдуу да кирет. Бирок кайра куруу иштери сентябрдын башында гана аяктайт.

Муниципалитет утурумдук ыңгайсыздык үчүн шаардыктар менен коноктордон кечирим сурады, ал арада кишилер дагы эле туура эмес жерден жолдон өтүп өмүрүн тобокелге салып келатышат.

Мэрия түшмөк башынан оңдолуп бүтмөйүнчө ачылбай турганын билдирди. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кайгуул милициясынын инспекторлору жооп беришет.

Кайгуул милициясынын басма сөз борборунун кызматкери Таалай Бугубаев Kloop.kgге түшмөктөр оңдолуп жатканда жөө кишилер үчүн убактылуу белги тартылбай турганын айтты.

Бирок анын айтымында бул райондогу коопсуздукка коңшулаш көчөлөрдө күзөтчүлүк кылган кайгуул милициясынын инспекторлору көз салышат.

«Биз ал жакка өзүнчө кайгуул күзөтчүсүн кое албайбыз, бизде ансыз деле киши жетишпейт. Эскертүүчү белгилер бар, ошолор жетет», — деди ал.

Жолдогу кырсыктар

Кыргызстанда акыркы айларда коомчулукту дүрбөлөңгө салган бир катар жол кырсыктары болду.

Эң белгилүү окуялардын биринде кара «Мерседестин» айдоочусу Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөсүндө эки окуучуну сүзүп кеткен. Жол кырсыгы 21-апрелде болгон, балдар оор абалда ооруканага жеткирилген. Азыр окуучулардын абалы оңолуп келатат.

Нарында 12-майда Оттук айылынын тургундары жергиликтүү мектептин жанында «жатма сакчы» орнотууну талап кылып жолду тосушкан. Ага автоунаа тогуз жашар баланы сүзүп өлтүргөнү себеп болгон.

Жол кырсыктары күчөп кеткен соң активисттер бийликтен «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүнү талап кылышкан, бирок бийлик адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын алдын алыш үчүн колдон келген аракетин кылып жатканын айтууда.

Сүрөт жана видео: Айбол Кожомуратов


ТЕМА БОЮНЧА: